Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

КЫТАЙ МАДАНИЯТ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУНУН БОЛУП ӨТКӨН РЕКОНСТРУКЦИЯДАН КИЙИН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШ АЗЕМИ

КЫТАЙ МАДАНИЯТ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУНУН БОЛУП ӨТКӨН РЕКОНСТРУКЦИЯДАН КИЙИН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШ АЗЕМИ
25 Янв 2024

2024-жылдын 25-январында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь  айым жана  КР А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директорунун милдетин аткаруучу Байсакова Нурия Райымовна  биргелешип, Кытай маданият жана билим берүү борборунун  болуп өткөн реконструкциядан кийин салтанаттуу  ачылыш аземин өткөрүштү. Тараптар,“Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен Кыргызстандын Улуттук китепканасына материалдык жардамды өткөрүп берүү жөнүндө күбөлүккө” жана “Кытай элчилигинен китептерди өткөрүп берүү тууралуу күбөлүккө” кол койуусу болуп өттү. КР А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын жамааты Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине ыраазычылык билдирет.