Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

М. Куренкеевге арналган коргозмонун ачылышы

01 Мар 2010

Ушул жылдын 26-февралында саат 11.00дө КР Улуттук китепканасында Кыргыздардын руханий мурастарынын жылынын алкагында, композитор, чыгаан импровизатор, кыяктын, комуздун, чоордун жана темир комуздун күүлөрүн аткаруучу, Кыргыз ССРинин эл артисти Муратаалы Күрөңкеевдин туулган күнүнүн 150 жылдыгына карата «Байыркы биздин тарыхтын бир өмүрү – комузда" деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы болду.

Ал элдик музыканын бардык жанрлары үчүн 100гө жакын музыкалык чыгармалардын автору. Муратаалынын репертуарындагы чыгармалар байыркынын кайрыктары, эзелкинин мүнөзү менен айырмаланат. Ал ырдын обондорун кара иштеп чыгып эпостук, тарыхый жана тарыхый-тиричиликтик сюжеттерге обондорду, миниатюраларды, пьесаларды жараткан.
Муратаалы Күрөңкеевдин чыгармачылыгы кыргыздын профессионал музыкалык искусствосунун калыптанышында зор роль ойногон.
Муратаалы – элдик музыкалык каада-салттын нукура кенчи.
Ал Кыргыз маданиятынын Москвадагы I декадасына (1939-ж.). Эмгек Кызыл Туу (1939-ж.), Ленин (1945-ж.) ордендери менен сыйланган. СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1939-ж.).
Кыргыз музыкалык окуу жайына жана Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине Муратаалы Күрөңкеевдин берилген.
«Байыркы биздин тарыхтын бир өмүрү – комузда" деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөдө улуу музыканттын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө документтер, китептер, фотографиялар, анын чыгармаларынын ноталары жана Кыргыз мамлекеттик филармониясынын жана К.Орозов атындагы Кыргыз элдик аспаптар оркестринин солисттеринин аткаруусундагы чыгармалар жазылган грампластинкалар коюлду.
Көргөзмөдөгү экспонаттардын айрымдарын М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы берген.
Көргөзмөнүн ачылышына белгилүү музыка изилдөөчү Б.Алагушев, КР Композиторлор союзунун үчүн Т.А.Чокиев, композитор В.М.Роман, музыка изилдөөчү А.Г.Кузнецов, композитор А.Жеенбаев, музыка изилдөөчү А.Мурзабаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин региондордо маданиятты өнүктүрүү башкармасынын жетектөөчү адиси Т.Осмонов, коомчулуктун өкүлдөрү, музыкалык окуу жайлардын жана мектептердин окуучулары катышты.
Көргөзмөнү КР Улуттук китепканасынын директору Ж.К.Бакашева ачты. Катышкан композиторлор жана музыка изилдөөчүлөр чыгаан музыканттын, аткаруучу-импровизатордун чыгармачылыгынын мааниси жөнүндө айтып беришти.
Көргөзмөнүн ачылышын НТС, ЭлТР жана “О, кей” радиоастанциясы сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырышты. Чет өлкөлүк уюмдар менен иштеген мекемелер үчүн Бишкекте чыгарылып жаткан англис тилиндеги “Сегодня” гезитине боло турган көргөзмө жөнүндө кулактандыруу жарыяланган.
Көргөзмөнүн аягында окуучулардын күчү менен М.Күрөңкеевдин жана анын шакирттери Ы.Туманов, К. Орозов, А.Огомбаевдин чыгармаларынан турган концерт коюлду. Балдар ар кыл элдик аспаптарда чыгаан музыканттардын чыгармаларын аткарышты.