2025-жылдын 12-августунда А.Осмонов атындагы КРнын Улуттук китепканасынын массалык бөлүмү Ашым Жакыпбековдун 90 жылдык мааракесине карата “Өмүрү, өрнөгү, мурасы” аталыштагы көргөзмө койду.



Кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, акын, драматург, жазуучусу, котормочу Ашым Жакыпбековдун чыгармачылыгына арналган кеңири форматтагы көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө жазуучунун “Теңирим Манас”, “Катаал багыт”, “Биз атасыз өскөнбүз”, “Кыргыз жеринин жомоктору”, “Повестер жана аңгемелер” жыйнагы, “Шекерден Теңирге” китеби, балдарга арналган “Шаа Ата”, “Бала Манас” аттуу китептери жана басма сөз каражаттарына жарыяланган публицистикалык макалалары, изилдөөлөр, эскерүүлөр коюлду.
Ашым Жакыпбеков — кыргыз руханиятынын терең тамырлуу мурастарын даңазалаган чыгаан калемгер. Анын “Теңирим Манас” чыгармасы улуттук эпосубузга болгон сүйүүнү, урматты көркөм формада чагылдырган өзгөчө чыгарма болуп саналат. Жазуучунун драмалары, поэмалары, публицистикалык макалалары өз мезгилинин гана эмес, бүгүнкү күндүн да руханий мурасы катары өз ордун табууда.
Көргөзмөнүн максаты – улуу калемгердин мурасын кеңири коомчулукка таанытуу, жаш муундарды улуттук адабиятты баалоого тарбиялоо.