Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Маалым кат

21 Май 2015
  2015-жылы  20-майда  Кыргыз Республикасынын  Улуттук китепканасынын   базасында Чүй  областык  коомдук  китепканаларынын  адистери үчүн  “Коомдук китепканалардын кызматтарынын сапаты жана ишмердүүлүктүн натыйжалуугу”  деген темада семинар болуп өттү. Семинарга областык, райондук жана шаардык китепканалардын кызматкерлеринен 13 киши катышты.
 Саламдашуу сөзү менен илимий иштер боюнча директордун орун басары Буларкиев Рыскулбек Буларкиевич  китепканалардын иштеринде семинардын актуалдуулугу,  Улуттук китепканада 15-майда өткөрүлгөн “Библионочь” туралуу  айтып,  өздөрүнүн регионунда Библионочь өткөрүү туурасында  Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынан  үлгү алышын сунуштап  өттү.
 
  “Библионочь” программасы менен таанышуу максатында бул программаны  салып жиберүүнү суранышты.
   Илимий методикалык иштер бөлүмүнүн башчысы Тагаева Динара Сатыбековна семинардын  темасынын  теоретикалык апектилерин чагылдырып, китепканалардын ишинин сапатын жакшыртуу  жана китепканаларга окурмандарды тартуу үчүн иштин жаңы ыкмалары  жана формалары туурасында айтып өттү. 
Илимий методикалык иштер бөлүмүнүн башкы китепканачысы Тараторина Татьяна Борисовна отчет жылындагы илимий методикалык иштер бөлүмүнүн иштери жөнүндө,   бөлүм тарабынан даярдалган  “Коомдук китепканалардын кызматтарынын сапаты жана ишмердүүлүктүн натыйжалуугу” деген жаңы китепченин презентациясы,  2014-жылдагы республиканын  китепканаларынын иштерине анализ кылып, региондордун отчётторунун   оң   жана  терс  жактарын  айтып өттү.  Андан тышкары катышуучулар менен  китепканалардын иштеринин бардык натыйжалуу көрсөткүчтөрүн анализдешип өздөрүнүн сунуштарын киргизишти.  Статистикалык отчёттун баардык пункттары боюнча  жаңы формасы (первички жана сводный) каралды.  Региондордо   статистикалык отчёттордун  жаңы формасын туура толтуруу боюнча семинар өткөрүү сунушталды.    
Семинар ушуну  менен  ишин аяктады.