Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Комуз күнүнө арналган китеп-иллюстрация көргөзмөсү уюштурулду.

Комуз күнүнө арналган китеп-иллюстрация көргөзмөсү уюштурулду.
09 Сен 2023

2023-жылдын 9-сентябрынан баштап Маданият жана искусство бөлүмү тарабынан Комуз күнүнө арналган китеп-иллюстрация көргөзмөсү уюштурулду. Кыргыз элинин салттуу маданиятында комуз өзгөчө орунду ээлейт. Философиялык ойлорду, турмуш-тиричиликти, маданиятты камтыган комуз күүлөрү муундан-муунга өтүп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.
Азыркы шартта комузга жаңыча маани берүү зарыл, ал кыргыз элинин маданий көп түрдүүлүгүнүн биримдигинин символу болууга тийиш. Көргөзмөгө комуз тууралуу китептер, журналдар, маалымдама адабияттар жана фотоматериалдар коюлган.