Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

СССРдин Эл артисти, биринчи даражадагы Лениндик, Сталиндик сыйлыктын лауреаты, скрипач, альтист, дирижер, педагог Давид Федорович Ойстрахтын (1908-1974) туулган күнүнүн 115 жылдыгына карата китеп-сүрөт көргөзмөсү жасалды.

СССРдин Эл артисти, биринчи даражадагы Лениндик, Сталиндик сыйлыктын лауреаты, скрипач, альтист, дирижер, педагог Давид Федорович Ойстрахтын (1908-1974) туулган күнүнүн 115 жылдыгына карата китеп-сүрөт көргөзмөсү жасалды.
07 Сен 2023

Маданият жана искусство бөлүмү тарабынан – СССРдин Эл артисти, биринчи даражадагы Лениндик, Сталиндик сыйлыктын лауреаты, скрипач, альтист, дирижер, педагог Давид Федорович Ойстрахтын (1908-1974) туулган күнүнүн 115 жылдыгына карата китеп-сүрөт көргөзмөсү жасалды. Ал Одессада еврей үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Беш жашынан скрипкада ойногонду үйрөнүп, 1923-жылдан Одесса музыкалык-драмалык институтунда окуп калган. Студент кезинен эле, Одессалык симфониялык оркестрде солист катары да, дирижер катары да чыга баштаган.Давид Ойстрах – орус скрипка мектебинин белгилүү өкүлдөрүнүн бири. Анын аткаруусу аспапты терең сезгендиги, техникалык чеберчилиги, аспаптын үнүн ачык, назик чыгуусу менен айырмаланып турган.
Анын репертуарына С.Бах, В.А.Моцарт, Л.Бетховенден, жана Р.Шумандан тартып, Б.Бартокко, П.Хиндемитке, С.Прокофьевге жана Д. Шостаковичке чейинкилердин классикалык жана романтикалык чыгармалары кирген. Ал ошондой эле, азыркы авторлордун чыгармаларын дагы, маселен, П.Хиндемиттин сейрек аткарыла турган скрипкалык концертин зор энтузиазм менен ойногон.
Согуштан кийин анын концерттик ишмердүүлүгү өрүш алган. 1945-жылы Москвада И. Менухин ( Согуштан кийин СССРге биринчи жолу келген чет өлкөлүк аткаруучу) менен бирге И.С.Бахтын кош концертиндеги анын аткаруусу элдин бүйүрүн кызыткан. 1946-1947-жылдары “Скрипкалык концертти өнүктүрүү” циклин уюштурган, анда Я.Сибелиустун, Э.Элгардын, У.Уолтондун концерттерин жана ал өзү үчүн атайын жазылган А.Хачатуряндын коцертин аткарган. Скрипкачыга, 1955-жылы Нью-Йоркко биринчи гастролунда аткарылган Д.Шостаковичтин оркестри менен скрипка үчүн Биринчи концерти арналган эмеспи. Ал альтист катары да чыга турган. О.Клемперердин, Ю.Ормандинин, К.Кондрашиндин, Г.Караяндын, Д.Митрополус ж.б.дын жетекчилиги алдында оркестрлер менен чыккан. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө гастрол менен болгон. Скрипкачыга С.С.Прокофьевдин, Д.Д.Шостаковичтин, Н.Я.Мясковскийдин, М.С.Вайнбергдин, А.И.Хачатуряндын бир катар сочинениялары арналган. Музыканттын көптөгөн чыгармаларын компакт-дисктерден угууга болот. 1961-жылы дирижер катары күчтүү чыгып, ошол тармактын чебери атыккан. Бир топ скрипкалык чыгармаларынын редакциясын басып чыгарган. Макалаларды, анын ичинде “Менин жолум” автобиографиялык эскермелерин жазган.
Көргөзмөгө скрипкачы жөнүндө китептер, журналдар, маалымдама адабияттары жана сүрөттөр коюлган.