Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Махмуд Кашгари – окумуштуу – тЇрколог, этнограф жана фольклорист

28 Июн 2012
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө «Дивану лугати ат-түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы») эмгегинин 940 жылдыгына арналган «Махмуд Кашгари – окумуштуу – түрколог, этнограф жана фольклорист» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Даанышман түрколог – диалектолог, этнограф жана географ Махмуд Кашгаринин (Барскани) доорун жана өмүр жолун чагылдырган, XI кылымдагы Теңир-Тоо калкынын мусулмандык ренессансынын көөнөргүс бермети «Дивану лугати ат-түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» китеби болуп эсептелет. Бул эмгегин беш жылдын аралыгында Хижранын 469-жылы (1072–1077-ж.) жазып бүткөн.
Махмуд Кашгари түрк хандыгында, феодал төбөлдүн үй-бүлөсүндө 1029–1038-жылдардын аралыгында Ысык-Көл боюнда туулган, анын атасы Хусейин 40–50-жылдарда Барсган (Барскоон) орто кылымдык шаарын бийлеген бек (Эмир) болгон.
«Дивандын» маалыматтары аркылуу М. Кашгаринин жеке инсандык турпаты гана чагылдырылбастан, ал жашаган коомдук чөйрө, анын заманындагы коомдук, маданий жана илимий өөрчүүнүн чыныгы абалы көрсөтүлөт. Ошондуктан ал өз доорундагы түрк калктарынын бай энциклопедиялык сөз жыйнагын түзүп эмгек жаратат.
Ошону менен бирге чечен, акылдуу, билимдүү, тектүү, инсандык саясий жана таптык мүмкүнчүлүктөрү кенен, аскер өнөрүн өздөштүргөн адамдардын бири болгон.
Барсканды бийлеген атактуу Махмуд Кашгари илимпоздук дарамети менен өз элинин коомдук жана маданий турмушунун күзгүсүн урпактарга арнаган XI кылымда Теңир-Тоолук түрк калктарынын өз дооруна тете чыгааны деп эсептелинген.
«Дивандагы» картада жердин чордону катары ыйык «Ысык-Көл», Борбордук Теңир-Тоо аймагы жайгаштырылып, Барскаан шаарынын атын көрсөткөн.
Ошентип, Махмуд Кашгари орто кылымдардагы Теңир-Тоолук түрк калктарынын картографиялык илиминин туу чокусуна көтөрүлгөн аалым болуп эсептелет. М. Кашгаринин бул эмгеги бир катар түрк тилдеринин фонетикасы, грамматика менен лексикасы өтө дилгир сөздүн толук маанисинде болуп, ошондой эле түрктөр, түркмөндөр, огуз, йагма, чигил, кыргыздар тууралуу баа жеткис лингвистикалык, этнографиялык фольклордук, географиялык, тарыхый маалыматтарды биздин заманга жеткирип берген чыгарма болуп эсептелет. Дал ушул чыгармасы менен Махмуд Кашгари түрк калктарынын өз доорундагы энциклопедиясын түзүүдөгү инсандык бийик ой-мүдөөнү жүзөгө ашырган.
Көргөзмөдө китептер, брошюралар, илимий макалалар коюлуп, көптөгөн окурмандар алар менен таанышышты.