Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Махмуд Кашкари жана кыргыз маданияты»

25 Апр 2014
XI кылымдагы Теңир-Тоо калкынын мусулмандык ренессасынын көөнөргүс бермети – Махмуд Кашкаринин 985-жылдык юбилейине карата Улуттук китепкананын «Кыргыз китеби» окуу залында 2014-жылдын 25-апрелде «Махмуд Кашкари жана кыргыз маданияты» деген темада китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Көргөзмө көптөгөн пайдалуу, кызыктуу материалдар менен камсыз болду.
Он биринчи кылымда жашап өткөн ортоазиялык окумуштуу филолог, тарыхчы, этнограф, географ катары таанылган энциклопедист Махмуд Кашкари 1029-жылы көл кылаасында байыркы Барскан (азыркы Барскоон) шаарында туулган.
Билимди мусулман калктарынын орто кылымдагы маданий очоктору болуп саналып калган Кашкар, Бухара жана Багдад шаарларынан алган.
Аалым өзүнүн дүйнөлүк мааниге ээ болгон “Түрк тилдеринин сөздүгүнүн”, “Дивани лугат ат-түрк” аттуу эмгегинин жаралышы тууралуу автор өзү төмөнкүдөй ой бөлүшөт: “өзүм анык таза тилде сүйлөгөн жана теги боюнча эң биринчи орунда турган түрк тукумунан чыксам да, түрктөрдүн ою-тоосун, түз талаасын нукум жерин калтырбай, айыл артынан айыл калтырбай кыдырып чыктым. Мен түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын уйкаштыкка келтирилген жандуу сөздөрүн акылына түйдүм. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым. Ушул түрдө узак изилденгенден жана бир топ изденүүдөн кийин кылдат жат кылдым. Ушул түрдө узак изилденгенден жана бир топ изденүүдөн кийин мына бул китепти эң жатык тилде, барып турган көркөм үлгүдө жаздым”.
Махмуд Кашкаринин атын ааламдын илим дүйнөсүнө тааныткан ушул эмгеги. Бул эмгегинде тилдик кубулуштар менен фактыларды талдоо үчүн түркология тарыхында салыштырма тарыхый методду биринчи колдонуп, түрк тилдеринин диалектологиясына негиз салган. Ошол эмгегине өзү түзгөн дүйнөнүн картасын кошо тиркеген.
Аалым Махмуд Кашкари агартуучу катары өз эмгегинде түркий элдер жашаган аймактардын аттары, алардын жашоосу тууралуу да илимий таанымдык мааниси кеңири маалыматтарды жыйнап түстүү картаны түзүүгө да жетишкен.
“Сөздүктүн” курамында 390дой макал-ылакап, табышмак, ыр, учкул сөздөрдүн кездешиши аны поэтикалык жыйнак катары кабылдоого мүмкүндүк берет.
Жыйынтыктап айтканда көп жылдык изденүүнүн үзүрү болгон “Сөздүк” – лингивистикалык, тарыхый, этнографиялык илимий булак эмес, түрк элинин адабий чоң эстелиги болуп эсептелет.
Анын эмгектери – орто кылымдагы илимдердин тарыхын изилдөөгө негиз болуучу маанилүү илимий даректерден болуп саналат.
Китеп көргөзмөдө, өмүр жолу, чыгармачылыгы, эмгектери жөнүндө атайын бөлүмдөр болуп, анда көптөгөн окумуштуу, тилчилердин ой-пикирлери менен жазылган материалдар коюлду.