Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Мамлекеттик жана саясый ишмер Иманалы Айдарбеков”

07 Фев 2014

14-февралдан баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын юридикалык адабияттар бөлүмүндө Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган китеп көргөзмө коюлат.
И.Айдарбеков Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги арчалы айылында туулган. Даңазалуу багбан Фетисов негиздеген Бишкектеги айыл чарбалык бакчылык мектебинде, андан кийин ташкендеги гидротехника мектебинде окуп, ошол кездин деңгээлинде жакшы билим алган.
И.Айдарбеков 1916-жылы жана андан кийинки жылдарда кыргыздардын тагдырына туш болгон баардык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Падышанын мезгилинде эле жер оодаргандардын башкармасында иштегендиктен, турмушту баардык жагынан билген.

Революцияга толук түшүнүү менен катышып, Совет бийлигин орнотуу ишине активдүү катышкан.
1919-жылы активдүү большевик депутаттардын Пишпек шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Тоолуу облустун кеңештеринин Уюштуруу съездинин активдүү катышуучуларынын бири болгон, Жети-Суу облисполкомунун төрагасы болгон. 1924-жылдын 21-октябрында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун ревкомунун 17 кишиден турган курамын бекиткен. Иманалы Айдарбеков ревкомдун төрагасы болуп шайланган. 1925-жылы Ташкенге Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп которулган.
1937-жылдын 4-сентябрында ага Социал-Туран партиясына тиешеси бар деген айып тагылып, 1938-жылдын 5-ноябрында ал жана анын соратниктери шаардын түрмөсүнүн короосунда атылышкан. 1958-жылы акталып, 1991-жылы Бишкектин жанындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине которуп көмүлгөн.
Иманалы Айдарбеков кайсы өлкөнүн болсо да өкмөтүн көркүнө чыгара турган кыргыздын мыкты уулдарынын катарына кирет. Ал Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга салым кошкон чыгаан мамлекеттик ишмерлердин бири болгон.
Китеп көргөзмөдө И.Айдарбековдун өмүр жолун чагылдырган китептер, гезиттердеги жана журналдардагы макалалар коюлган.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көчөсү, 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы .
юридикалык адабияттар бөлүмүнүн залы. т. 30-50-64