Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасындагы Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө “Манас дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы” деген темада китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Манас жөн гана кыргыздын ири эпосу болбостон, бүтүн кыргыз мурасынын бермети, кыргыз тилинин жана дилинин эстелиги. Эпостун каарманы – кыргыздардын башын бириктирген баатыр Манас атабыз.
2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек ” үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын ” тизмесине кирген. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырып алынган 19 миң саптан жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 минден ашуун саптан турган варианты классикалык болуп саналат.
ХVI-кылым –“Манас” эпосу жөнүндө алгачкы маалымат “Маджму ат-Таварих” атуу жыйнакта учурайт. 1856-ж.”Манас” эпосунун үзүндүсүн биринчи жолу кагазга Чокан Валиханов түшүргөн. Казак илимпозу Ч. Валиханов “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөгө маалымат берген биринчи окумуштуу болуп эсептелет. 1899-жылы ”Манастан” үзүндү Казанда кыргызча чыккан. 1903-жылы фонографка эң биринчи үнүн жаздырган манасчы Кенжекара болгон. 1925-жылы “Манасты” окуу программасына киргизүү жөнүндө Касым Тыныстанов Борбордук Комитетке кат менен кайрылган. 1941-жылы манас изилдөөчү Ыбырайым Абдрахмановдун “Манастын кайсы кылымдарда болгону тууралуу” деген макаласы “Советтик адабият жана искусство” журналынын № 3 санына чыгарылган, бул макала кыргыз фольклористикасындагы “Манас” эпосун изилдөө боюнча алгачкы макала. 1952- жылы ”Манас” эпосуна арналган алгачкы илимий конференция өткөрүлгөн. 1995-жылы БУУ Манас жылы деп жарыялаган. Дүйнөлүк тажрыйбада биринчи болуп эпос боюнча түзүлгөн биринчи энциклопедия — эки томдук “Манас” энциклопедиясы.
Китеп көргөзмө “Манас” эпосунун айрым эпизоддору атактуу манасчылардын варианттарынан алынып, кичине форматтагы 11 китепче 1940-1945- жылдары “Манас сериялары” деген жалпы аталыш менен чыккан китептер менен ачылат. Бул китепчелер улуу эпостун Кыргызстанда жарык көргөн алгачкы басылыштарынан болгондугу менен бааланат.
Залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин, Жусуп Мамайдын жана башка манасчылардын варианттары, котормолору, “Манас” эпосу жана манасчылар жөнүндөгү энциклопедиялар, дисктер китеп көргөзмөсүнө жайгаштырылды.