Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Манас” эпосу жана манасчылар

02 Фев 2018

2018-жылдын 23-январында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Манас” эпосу жана манасчылар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Манас” эпосунун тезистик кара сөз түрүндөгү китебинин бет ачары өткөрүлдү.
Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Саякбай манасчы” эл аралык фонду.
Көргөзмөдө “Манас” эпосу жана манасчылар” жөнүндөгү китептер, газета-журналдык макалалар, “Саякбай” коомдук фонду тарабынан чыгарылган китептер орун алган.
Көргөзмөнүн ачылышына: КР Өкмөтүнүн вице премьер-министри Д.Кенекеев, Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз, КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси С.Ибраев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Б.Жакиев, М.Абакиров, К.Ашымбаев, Ш.Абдылдаев, А.Өмүрканов, Т.Ишемкулов, И. Гилязетдинов, маданият, илим жана билим берүү кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Бул иш чараны Улуттук китепкана директору Ж. Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
Бүгүн биз Улуттук китепканабызда “Манас” эпосу жана манасчылар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Манас” эпосунун тезистик кара сөз түрүндөгү китебинин бет ачар аземин өткөрүп отурабыз.
“Манас” эпосу – кыргыз элинин кылымдар бою сактап келген улуу мурасы.
“Манас” кыргыз үчүн кылымдар бою кыргызды кыргыздын өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кездеринде элди өз айланасына баш коштуруп, дем берген улуттук ураан, асаба, туу, касиеттүү кудурет күч сыяктуу болуп келгендиги талашсыз.
Өткөн замандын ошондогй залкар манасчылары Ырамандын ырчы уулу, Токтогул, Нооруз, Чоңбаш, Тыныбек, Чоюке, Найманбай, Балык ж.б. ысымдары азыркыга чейин журт арасында айтылып келет.
Ошондой кайып даарыган чоң манасчылардын өкүлдөрүнөн ХХ кылымда атактуу эки манасчыбыз жашап өттү. Алар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев “Манастын” биздеги кийинки китеп болуп жарыкка чыккан варианттары негизинен ушул экөөнөн жазылды. Сагымбай менен Саякбай сыяктуу биздин доорду көрүп элге өз өнөрүн тартуулаган Шапак, Молдобасан, Тоголок Молдо, Жаңыбай, Акмат, Багыш, Мамбеталы ж.б. манасчылардын атын эл сыймыктануу менен эскерет.
Бүгүнкү иш-чарада бул манасчылардын китептери көргөзмөгө коюлду, окурмандар таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Сөз КР Баатыры Б.Жакиевге берилип, ал “Манас” эпосунун баалуулугун, кыргыз эли эмес дүйнө эли таанып ЮНЕСКОнун тизмесине адамзаттын руханий дүйнөсүн чагылдырган шедевр катарында бааланып киргизилди, буга кыргыз элибиз сыймыктанабыз деп баса белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер Нияз болсо дүйнө элдерин тамшандырып, таң калдырган бул эпос – кыргыз элинин тарыхы, баа жеткис көркөм адабияты, көөнөрбөс искусствосу, баатырдык күрөшү деп айтып өттү. Биз бул эпос менен сыймыктанышыбыз гана керек. Иш чарада катышып отурган жаштарга мекенин сүйүүгө, патриот болууга чакырды. КР Билим берүү академиясынын вице-президенти С.Байгазиев, С.Ибраев, манастаануучу Ж.Орозобековалар да сөз сүйлөп, “Манас” эпосу тууралуу кенен маалымат беришти. “Манас” эпосу жалпы адамзаттын руханий маданиятта опол тоодой орду бар элдик чыгарма.
“Манас” кыргыз элинин баатырдык эпосу тезистик жаңы китеби кичине балдардан тартып чоңдорго чейин арналганын, эпостун сюжеттик композициясынын алкагындагы окуялар толук камтылып, улуттук идеологиянын уңгусун туткан “Манас” эпосубуздун маңызын, маанисин, тилин, дилин төкпөй-чачпай чагылдырып калыпка салган окумуштуу Ж.Орозобековага ыраазычылык билдиришти.
Бул жаңы чыккан китептин сапары ийгиликтүү болсун.
“Манас” эпосун, аны айткан манасчылардын мурасын, манасчылыктын салттуу өнөрүн коргоо, сактоо, өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштерди жургүзүп жаткан “Саякбай манасчы” коомдук фондуна ыраазычылык билдиребиз.

“Манас” эпосу – кыргыз элинин кылымдар бою сактап келген улуу мурасы.
1. “Манас” эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу”.
Көргөзмөнүн башталышына “Манас” сериялары алдында 1940-1945-жылдары басмадан чыккан эпостун ар кандай эпизоддорун чагылдырган кичине форматтагы китептер, академик Б. М. Юнусалиевдин редакциясында жарык көргөн “Манас, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги коюлган. Алп манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантындагы бир нече томдон турган ар кайсы жылдардагы басылыштары көрүнүктүү орунду ээледи. Кытайлык манасчы Жүсүп Мамайдын Манас баатырдын сегиз муунуна чейинки айтымынын араб арибиндеги жана кыргыз алфавитиндеги басылышы да толугу менен коюлду.
Көргөзмөдөн эпостун кара сөз менен жазылышынын автордук китептерин да көрүүгө болот. Ошондой эле түрдүү тилдерге – орус, түрк, якут ж. б. которулуп жарык көргөн китептер да орун алды.
Эпосту илимий изилдөө боюнча китептердин чоң тобу көргөзмөнүн орчундуу бөлүгүн ээледи.
2. “Манас” эпосу жана манасчылар” бөлүгүнө эпосту калктын калың катмарына жеткирүүчү кыргыз элинин руханий инсандары – манасчылар жөнүндөгү илимий изилдөөчүлөрдүн монографияларынан тартып мезгилдүү басмалардын бетине жарыяланган макалаларга чейин коюлду.
3.”Саякбай манасчы” эл аралык фонду Кыргызстандын мекенчил жана патриот жарандары тарабынан 2014-жылы негизделип, КР Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Ошондон бери фонд республикалык, эл аралык маанидеги бир катар иш-аракеттерди аткарып келе жатышат: манасчылардын юбилейлерине арналган бир топ китептерди, илимий макалалардын жыйнагын басмадан чыгарды, “Сагымбай”, “Саякбай” энциклопедияларынын жарык көрүшүнө колдоо көрсөтүштү, эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрдү, “Саякбай – ХХ кылымдын Гомери” аттуу көркөм кинотасмасын тартып көрүүчүлөргө тартуулады, ж. б. алгылыктуу иштерди аткарып келе жатышат.
Бет ачары өткөрүлүүчү тезистик формадагы “Манас” эпосунда сюжеттик композициясы сакталып, кичине балдардан тартып чоңдорго чейин арналып даярдалган.
Көргөзмөгө КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият , илим, билим берүү кызматкерлери, манасчылар, студенттер, окуучулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.