Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Манас” эпосу жана полиглот Поливанов

“Манас” эпосу жана полиглот Поливанов
25 Фев 2026

 

2026-жылдын 25-февралында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмү тил илимибизди изилдөөгө зор салым кошкон адабиятчы, «Манас» эпосун башка тилдерге, эпостун айрым үзүндүлөрүн орус тилине оодарган котормочу, полиглот, мыкты лингвист Евгений Дмитриевич Поливановдун 135 жылдыгына карата “Манас” эпосу жана Поливанов” аттуу китеп көргөзмөсүн уюштурду.

“Манас” эпосун орус тилине алгачкы которгондордун бири, 32 тилдин теориясын жакшы билген, 18 тилде эркин сүйлөшө алган Е.Поливанов Кыргыз обкомунун Эл агартуу комиссариатынын башчысы Касым Тыныстановдун чакыруусу менен 1934-жылы Фрунзеге келген. Кыргыз маданий курулуш инстутутундагы дунган секторунда профессор болуп иштеген. Байыркы рим жана грек адабиятынан студенттерге дарс окуган. Залкар манасчыларыбыз Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдин оозунан жазып алынган «Манас» варианттарынын кол жазмаларын окуп, башка эпостор менен салыштырып, таасирленип, «мындай чыгарманы орус тилине которуу керек» деп, «О киргизском эпосе «Манас» аталышта көлөмдүү макала жазган. Ал 1936-жылы «Литературный Узбекстан» журналына жарыяланган.

Мына ушундай баа жеткис зор эмгектерди жасаган инсан тыңчылык үчүн айыпталып, өлүм жазасына тартылган. Сталиндик репрессияга туш болгон Поливанов Архангельск облусундагы лагерлердин биринде 1946-жылы каза болгон.  

     Баарыңыздарды көргөзмөгө чакырабыз!