2020-жылдын 4 – декабрында А. Осмонов атындагы КР УК сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылдмалар бөлүмүнүн окуу залында “Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас –кыргыз рухунун өчпөс жылдызы” атуу китеп көргөзмөсү окурмандарга тартууланат.
“Манас” эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабаларыбыз үч миң жылдан ашык убукыттан бери басып өткөн тарыхый жолундагы руханий табылгаларынын, турмуштук тажрыйбаларынын башынан кечирген окуялар жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын бүт чогулткан баалуу казынанын милдетин аткарып келе жаткан улуу мурасы.
Манас эпосу жөнүндө жазуу эң алгач ”Мажму- ат- таварихте” жолугат. 1856-жылы Ч. Валиханов тарабынан жазылып алынган “Көкөтөйдүн ашы” 1904-жылы “Жунгария очектери” деген эмгегинде биринчи жолу орус тилинде басылып чыккан. В.В. Радлов жазып алган үзүндүлөрдүн кыргызчасы Санк-Петербургда, немисчеси Лейпцигде 1885-жылы жарык көргөн. 1925-жылы Москвадан араб ариби менен Тыныбек жомокчунун айтуусунда “Семетей” эпосунан үзүндү жарык көргөн. “Манас” эпосуна биринчи пикир айткан Ч. Валиханов болгон. Ал эпосту зор көркөм эстелик экендигин белгилеген. “Семетейди” буруттардын “Одиссеясы” деп атап, “Манас” эпосу ногой дооруна таандык деп, эпостун жаралыш мезгили жөнүндө алгач пикир айткан.
“Манас” эпосун издөө XIX кылымдын экинчи жарымынан башталып, манастаануу илими калыптанып, өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон.
“Манас” эпосун изилдөөгө арналган ар түрдүү мүнөздөгү, мазмундагы миңден ашык эмгек бар. Анын ичинде Б. Юнусалиев, Р. Кыдырбаева, С. Мусаев, Э. Абдылдаевдин эмгектерин айтууга болот.
В.В. Радлов кыргызстанга үч жолу келип кеткен. (1862, 1864, 1869) жылдары “Манас” эпосунун үч бөлүмүн тең жазып алган. “Манас” эпосунун жазып алган текстинин жалпы көлөмү 12454 сап ыр, анын 9949 сабы “Манас” эпосуна, калган 3005 сабы “Сейтек” эпосуна таандык блгон.
Ы. Абдырахманов тарабынан манасчы Сагынбай Орозбаковдон 1922-жылдан 1926-жылга чейин “Манас” бөлүмү кагаз бетине түшүрүлгөн 180 376 сап ыр.
XX-кылымдын гомери аталган Саякбай Каралаевдин айтуусунда 500 минден ашык ыр саптары жазылып алынган.
Замандан заман арытып, бизге чейин келип жеткен Ала-Тоо, Ата журтубуз, ак калпак кыргыз калкыбыз, ата салтын улантып “Манас” эпосун мындан ары да эл оозунда муундан- муунга өтүп айтылып жүрө тургандыгы айкын.
Бул китеп көргөзмөгө Манас эпосунун улуу манасчылардын айтуусунда жазылган ар башка жылдарда басылып чыккан китептери, Манас эпосун изилдөөчүлөрдүн китептери, 1940-1941-жылдарда латын тамгасында басылып чыккан “Манас” сериалдары китептер жайгаштырылды.
Дареги: А. Осмонов ат. КР УК 2 этаж, №57 каб. Тел: 30-46 -79.