Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Манас – кыргыз рухунун очпос жылдызы

12 Дек 2017
А.Осмонов атындагы КР УК Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында “Манас – кыргыз рухунун өчпөс жылдызы” аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү 2017-жылдын 15-декабрында окурмандарга тартууланат.
“Манас” – кыргыз элинин баатырдык эпосу; Манас баатыр жана анын уулу Семетей, небереси Сейтектин Ата Мекенди коргоодогу эрдиктерин баяндайт. Мазмуну өзгөчө узак убакыттар аралыгындагы эл турмушунун ар кыл жактарын камтыйт. Кыргыздар кылымдар бою өз табылгалары менен билгендерин, оң-терс, жакшы жаман, дос-кас, турмуш, жаратылыш, коом жөнүндөгү түшүнүктөрүн, маралдык нормаларын ушул чыгармага топтошкон. Ошондуктан “Манасты” Ч. Валиханов “… кыргыздардын бардык мифтеринин, жөө жомокторунун, уламыштарынын энциклопедиялык жыйнагы” деп жазса, академик В.В.Радлов “… элдин бардык турмушунун жана бардык умтулууларынын чагылышы” дейт. Ал эми В.М.Жирмунский “…өзүнүн эбегейсиз зор масштабы боюнча буга чейинки белгилүү элдик эпикалык поэмалардын бардыгынан зорлук кылат” деп жазган. Мисалы., “Манастын” Саякбай Каралаевден жазылган бир гана вариантынын көлөмү – 500553 сап ыр. Бул көлөм “Илиада” (көлөмү 15693 сап ыр) менен “Одиссеаны” (көлөмү12110 сап ыр) кошуп эсептегендеги көлөмдөн (27803) 20 эсе көп.
“Манас” тууралуу жазуу жүзүндөгү алгачкы маалымат “Мажму ат-таварихтен” жолугат. Анда эпостун айрым белгилүү окуялары тарыхый окуялар менен аралаш баяндалып, каармандары тарыхта жашаган адамдар катары көрсөтүлөт.
1925-жылы Москвадан “Семетейдин” бир бөлүмү (Тыныбек жомокчунун варианты боюнча) басмага даярдаган 3617 сап ыр Э. Арабаев басылып чыккан. Бул советтик доордо эпостун биринчи жарык көргөн текст болгон. Ошондон бери “Манасты” бастыруу иши ийгиликтүү уланууда. Манасты орус тилине которууга көп көңүл бөлүнүп газета – журналдарга кыскача котормолор жарыяланып турган. 1940- 1945- жылдары манас сериялары деген жалпы ат менен белгилүү манасчылардын варианттарынан алынган айрым эпизоттордон 11 китепче жарык көргөн.
“Манас” эпосун изилдөөдө көптөгөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жыйноочулар зор салым кошууда. 2011-жылдын 28-июнунда КР Президенти тарабынан “Манас” жөнүндө мыйзамга кол коюлган. 2012-жылдын 27-январында КР нын Президентинин жарлыгы менен жогорку жана атайын орто окуу жайларында Манас таануу окуу курсу киргизилген. 2013-жылдын 4-декабрында “Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесине катталды.
“Манас”-эпосу өзүнүн көркөм-эстетикалык, саясий- идеялык, тарбиялык маанисин эч убакта жоготпой турган руханий кенч.
Бул китеп көргөзмөгө манасчылардын вариянтында, ар кыл жылдарда басылып чыккан китептер, манас эпосунун дүйнө элдеринин тилинде которулган китептер, дисктер, манас энциклопедиясы жайгаштырылды.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы
2-этаж № 57 кабинет. Тел: 30 – 46 – 79.