2018-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеп” бөлүмүндө СССР союзунун мүчөсү (1948), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамоталарынын бир нече жолку ээси, “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”медалдарынын ээси окумуштуу-фольклорист, манас жыйноочу жана манасчы Ыбыраим Абдрахмановдун 130 жылдыгына арналган “Манасчы Ы.Абдрахманов” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Ы.Абдрахманов 1888-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Чырак айылында туулган. Ал 1939-жылы Фрунзедеги педагогикалык институттун 2 жылдык адабий бөлумүн бүткөн. 1935-1960-жылдары “Манас” эпосунан тартып элдик тарыхый мурастарын изилдөөчү катары Тил жана адабият илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.
Анын элдик оозеки чыгармачылыкты, анын ичинен “Манасты” изилдешине көп манасчылардын таасири тийген. Бара-бара ошол манасчылардан үйрөнгөн жомогунун айрым эпизоддорун өзү да эл алдына чыгып аткара баштаган. Кийин үч илтиктин үч бөлүмү боюнча өз вариантын түзгөн.
1922-жылы улуу манасчы Сыгымбай Орозбак уулунун “Манасын” кагаз бетине түшүрүү менен манасчы элдик мурасты жыйноо ишин баштаган.
Манасчынын демилгеси менен 1922-1926-жылдары “Манас” эпосунун эң сонун вариаттарынын бири жазылып алынган.
Ал Тил, адабият институтунда илимий кызматкер болуп иштеген мезгилден тартып Саякбай Карала уулунан “Манасты” жаза баштаган. Саякбайдан жазылып алынган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” бөлүктөрүнөн айрым эпизоддору, “Төштүк” эпосу 450 басма табакты түзгөн. Улуу мурасты элге кеңири тааныштыруу максатында “Манас сериялары” деген ат менен С.Орозбаковдун, С.Каралаевдин, А.Рысмендиевдин Тоголок Молдонун варианттарын басмага даярдаган.
Окумуштуу-фольклорчу “Манас” эпосун жыйноо, өзүнүн варианттарын түзүү иши менен гана чектелбестен, аны айткан айтуучу, жомокчу-акындардын өмүр баяны, алар тууралуу эл оозунда айтылган уламыштарды, макал-лакап, табышмак, кошокторду, чечендердин учкул сөздөрун топтоп жана өзү билген оозеки чыгармалардын үлгүлөрүндө жазып калтырган.
Ы.Абдрахмановдун “Бугу, сарбагыш манаптарынын кагылышы”, Кыргыздардын ууруларга бөлүнүшү”,”Кыргыздын үрп-адаттары” өңдүү кол жазмалары элибиздин өткөн доордогу тарыхынын, каада-салтын үйрөнүүдө баа жеткис этнографиялык баалуу мурас болуп саналат.
Бул чыгармалардын негизги сюжетин 17-18-кылымдарда жашаган кыргыз элинин башынан кечирген оор турмушу, тарыхый окуялары түзгөн. Элден уккан уламыштарынын негизинде түзгөн “Жаңыл Мырза” поэмасы чыгармаларынын ичинен эң көрүнүктүүсү болуп сананлат.
Китеп-сүрөт көргөзмөдө Ы.Абдрахмановдун китептери, ал жөнүндөгү материалдар, макалалар, ой-пикирлер орун алган.
Адрес: г.Бишкек, ул. Абдрахманова, 208
Национальная библиотека Кыргызской Республики тел.: 30-46-83