А. Осмонов атындагы КР УК Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2018 — жылдын 12 — январында манасчы, төкмө акын, олуя Нурмолдо Наркулу уулунун 180 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү ачылат.
Нумолдо Наркулу уулу 1838-жылы азыркы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Кош-Терек айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-теги хан ордолорунда илим, билим борборлорунда Дин Исламды изилдөөчүлөр жана таратуучулар менен аралаш жашаган илимий кишилер болушкан. Кыргыз санжырасын, Манасын, тарыхын алгач жазган айтылуу ”Мажму атут-таварихтин (“Тарыхтардын жыйнагы”) авторлору Молдо Сайпидин, анын уулу Нурмухаммет да Мурмолдонун түпкү аталарынан болуп саналат.
Нурмолдо 9 жашынан Кош-Терек кыштагындагы мечиттен билим алат, окуткан молдосу анын өтө зээндүү жана идирек экенин байкап, эки жылдан кийин Намангандагы Молдо Кыргыз медресесинин мутавалисине тапшырат. Ал мечитте мударисттик милдетти аткарып калат. Андан кийин Кашмир шаарына барып окуп билимин өркүндөтөт, апсундукту (сыйкырчылыкты, жайчылыкты,) кошо уйрөнөт. Андан ары Мекеге барып, ажы болуп кайтат. Нурмолдо чыгармаларын кагазга түшүргөн жана төгүп ырдаган акын болгон. Совет доорунда молдолордун, ислам илимпоздорунун артынан куугунтук жүргүзгөн мезгилде кол жазмалары жоголуп, мезгил каарынан чочулаган туугандары, урпактары атайылап жок кылган. Нурмолдо жөнүндө оозеки учкай гана айтылып, Жеңижок, Токтогул, дагы башкалар менен айтышканы гана эскерилип калган. Ал да анын кемчил жагын көрсөтүү үчүн айтылган. Эгемендүүлүк келгенден кийин “Замана”, “Молдо кыргыз медресесиндеги ыр” (1997) атуу чакан эки китеби жарык көргөн. Академиянын Кол жазмалар фондусунда жападан жалгыз “Пенде” деген 136 саптан турган ыры бар.
Бул жалганчы дүйнөдө
Өлбөйт эмес өлөбүз.
Акыры башка бир нокто
Пандалыкка көнөбүз —
Нурмолдо тууралуу маалыматтарды К. Рыскулов топтогон. А. Какеевдин “Нурмолдонун философиясы”, С. Байгазиевдин “Нурмолдо-XIX кылымдын тунгуч агартуучу- педагогу жана эне тилдин даанышман патриоту” (2005) деген эмгектери жарык көргөн.
Нурмолдонун ажыдан келгенден кийинки өмүрү өз жергесинде өтүп, 1920-жылы 82 жашыда туулган жери Кош-Терек айлында дүйнөдөн кайткан, сөөгү эски мазарга коюлган.
Бул көргөзмөгө өмүр баяны ал жөнүндө жазылган китептер, газетадан статьялар, журналдар жайгаштырылды.