Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Манастан» — Мандокиге чейин»

18 Май 2017
А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында «Манастан» — Мандокиге чейин» атуу китеп көргөзмөсү 2017-жылдын 18-майында саат 11.00дө ачылышы болот.
Мажар – венгр түрк таанучу — этнографы Иштван Конур Мандоки өткөн кылымдын 80- жылдарынан баштап Азия элдерине, анын ичинен казак менен кыргызга көп каттап, байыркы гунн-кыргыз байланышынын түпкү тегин изилдөөгө кызыккан.
Конур Мандоки менен Ч. Айтматов баш болгон көптөгөн кыргыз адабият, маданият, жана илим-билим өкүлдөрү чыгармачыл мамиледе болушу мажар- кыргыз байланышын тереңдетүүгө шарт түздү. К.Мандокинин Кыргызстандагы илимий сапарында БГУ доценти, география илимдеринин кандидаты Темир Эшенкулов коштоп жүргөн.
Ушундай алакалар негизинде Мажарстан-Кыргызстан Илимдер академиялары ортосундагы илимий кызматташтыктын долбоор келишимдери түптөлүп, окумуштуулардын эки тараптуу өнөктөштүгүнө өбөлгө түзүү колго алынган.
Орто Азия чөлкөмүнө келгенге чейин эле Конур Мандокинин китепканасында кыргыздарга тиешелүү адабияттар болгону белгилүү. Ал эми «Токтогул-125» мааракесинен кийин бул тематикадагы басылмалардын түп нускадагылары кыйла көбөйөт. Алардын арасында «Манас» эпосунун акыркы академиялык жана Сагынбай, Саякбай вариянттары да бар.
К.Мандоки «Манас» эпосун кайрадан мажар тилине которуу максатын ишке ашыруу ниетинде венгрлердин дагы бир таланттуу акыны Буда Ференц менен биргеликте аткармак. Бирок, ден-соолугуна байланыштуу дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткендиктен Конурдун коңгуроосу кагылбай, «Манас» которулбай жана көптөгөн башка асыл максаттар ишке ашпай калды…
Эгерде, Конур Мандоки тирүү болгондо быйыл 73 жашка чыкмак.
Бул китеп көргөзмөгө К. Мандоки жөнүндө китептер, газетадан статьялар, сүрөттөр коюлду.
Китеп көгөзмөгө: ИА, И.Арабаев университетинин алдындагы Манас таануу институтунун директору Т.Тургуналиев жана студенттер, көрүнүктүү тарыхчылар, акын-жазуучулар чакырылган.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы.
2-этаж. № 57 каб. Тел: 30 – 46 – 79.