Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Манастын сырдуу дЇйнйсЇ»

26 Фев 2014
2014-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында «Тынчтык борбору» менен бирдикте Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата «Манастын сырдуу дүйнөсү» (Алтай – Манастын киндик кан тамган жери») аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана манасчылар менен баарлашуу кечеси өткөрүлдү.
Китеп-сүрөт көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директорунун илим боюнча орун басары Р. Б. Буларкиев кириш сөз менен ачып, төмөнкүлөргө токтолду. «Манас» эпосу – кыргыз элинин оозеки поэтикалык чыгармаларынын ичинен кыргыз коомунун кылымдар бою башынан өткөргөн тарыхый окуяларынын издерин укумдан – тукумга чейин ардактап, каркыттап сактап, өзүнчө формада өнүктүрүп келген өткөндүн көркөм мурасы.
Көптөгөн кылымдардын мөмөсү болуп, бул эпостун мазмунунан мифтер, жомоктук, легендалык окуялардан баштап, уламыш, улама, аңыз-аңгемеге чейин, тарыхый санжыра, каада-салт ырлары, берметтей төгүлгөн поэзиясы кеңири орун алгандыгын баса белгиледи.
Иш-чарага Кыргыз эл акыны А. Жакшылыков, Кыргыз эл жазуучусу М. Байжиев, Социология илимдеринин доктору К. Исаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Б. Максүтов, Т. Токтогазиев, манасчылар Т. Бакчиев, Замир Баялиев, Дастан Бакчиев, тарыхчы Токова Наталья, салттуу музыкант Ирина Кензиналарга сөз берилип, алар манасчылык жана “Манас” эпосу боюнча манас айтуучулук касиети тууралуу өзүлөрүнүн ойлорун кеңири айтып өтүштү. Бул иш-чаранын негизги максаты – кыргыздардын руханий баалуулуктары (анын ичинде манасчылык феномени) сыяктуу бүгүнкү күндөгү өтө маанилүү деп эсептелген маселелер боюнча ар түрдүү тармактагы өкүлдөр менен манасчылардын эркин маектешүүсү үчүн формалдуу эмес мейкиндикти түзүү.
Мындай кечелердин бир канча сериясы буга чейин Кыргызстандын көптөгөн ЖОЖдорунда жана жети дубандын ар кайсы аймактарында өткөрүлүп келген. Мунун өзү кыргызстандыктарга манасчылык феноменин жакындан тааныштыруу, ошондой эле аны тереңден түшүндүрүү жана ата-бабалардан бери келе жаткан элдин бул касиетке болгон урматтоо мамилесин калыптандыруу, уюштуруучулардын бирден-бир негизги стратегиясы болуп эсептелет.
«Сагымбай менен Саякбай сыяктуу биздин доорду көрүп, элге өз өнөрүн тартуулаган Шапак, Молдобасан, Тоголок Молдо, Жаңыбай, Акмат, Багыш, Мамбет жана башка көптөгөн манасчылардын атын эл сыймыктануу менен эскерип, ар биринин талантына баш ийишет. Бул иш чарага катышкан И. Арабаев атындагы Манастаануу институтунун студенттери, борборубуздагы № 54, №49 мектебинин окуучулары активдүү катышып, өзүлөрүнүн “Манас” эпосу жана манасчылар тууралуу суроолорун беришип, баарлашуу, пикир алышуу иретинде кызыктуу иш-чара өткөрүлдү.
Көргөзмөгө «Манас» эпосу боюнча китепканадагы бардык китептер, Саякбай Каралаевдин өмүр жолу, ал жөнүндөгү китептер маалыматтык материалдар коюлду.
Китеп-сүрөт көргөзмөгө кадырлуу меймандар катары манасчылар, манастаануучулар, жана «Алтай-Манастын киндик каны тамган жери» аттуу бет ачары менен Алтай Республикасынын (Орусия) өкүлдөрү жана массалык-маалымдоо каражаттары, студенттер, окуучулар катышышты. Иш-чара катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.