Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Окуу марафону — 2021

Окуу марафону — 2021
28 Июл 2021

А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы «Окумал үй – бүлө: кыргыз тилинде бирге окуйбуз» деген адабий марафон жарыялайт жана 7 жаштан 14 жашка чейинки бардык каалаган балдарды жана өспүрүмдөрдү алардын ата-энелери, жакын туугандары менен бирге марафонго катышууга чакырат.
Марафондун милдети – балдардын жана өспүрүмдөрдүн окумалдык активдүүлүк деңгээлин жогорулатуу жана кыргыз тилин өнүктүрүү, ошондой эле өсүп келаткан муунду окуу аркылуу руханий-адеп-ахлактык жактан улуттук маданият аркылуу салт-санаага тарбиялоо болуп саналат.
Марафон виртуалдык форматта өтѳт жана 2021-жылдын 5-июлунан 5-сентябрга чейин ѳткѳрүлѳт.
Катышуучуларга карата шарттар:
1. Марафонго 7 — 14 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр жана алардын жакын туугандары катыша алат;
2. Катышуучу видеоролик тартат, анда кыргыз тилинде китептен үзүндү окуйт жана «Окуу марафону – 2021» темасындагы белги менен Улуттук китепкананын КР e-mail: library@nlkr.gov.kg же okt@nlkr.gov.kg электрондук дарегине жиберет.
Видеороликке милдеттүү түрдө катышуучу жөнүндө маалыматтык маалымдама тиркелет (N1-тиркеме), ал Word форматында гана жиберилет.
№ 1-тиркеме.
• Катышуучунун аты-жөнү
• Жашы (толук жашы)
• Дареги (аймак, район, калктуу пункт)
• Видеороликте жазылган чыгарманын автору жана аталышы .
Иштерди тариздөөгө карата талаптар:
• Сунушталган формат видеоролик- MPEG4, видео горизонталдуу тартылууга тийиш. Вертикалдуу тартылган видеороликтер кабыл алынбайт.
• Видеороликтин узактыгы — 1 мүнөттөн 2,30 мүнөткө чейин.
• Улуттук костюмду, улуттук маданияттын атрибуттарын, гармониялуу кѳрүнүштѳрдү жана кызыктуу жактарын пайдалануу колдоого алынат.
• Видеороликте үн тоскоолдуктарынын (шамалдын шуулдашы, кадамдын угулушу ж.б.) болуушуна жол берилбейт.
• окуу марафону, #кыргыз тилинде бирге окуйбуз# деген хештегдерди пайдалануу менен социалдык тармактарга жайгаштыруу колдоого алынат.
Бардык талаптарга ылайык келген видеороликтер. А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын марафонунун уюштуруучусунун Youtube каналына жайгаштырылат.
Уюштуруучунун Youtube каналына жайгаштыруу үчүн адабий марафондун катышуучуларынын иштерин баалоо критерийлери:
• Катышуучунун жаш курагына окуу үчүн тандалып алынган адабияттын шайкеш келиши;
o Артистизм, аткаруу маданияты, сахналык тили;
• Улуттук костюмду, улуттук маданияттын атрибуттарын, кызыктуу тѳп келген кѳрүнүштѳрдү же локацияны пайдалануу ;
• Видеороликтин эстетикалуулугу;
• Иштерди тариздөөгө талаптардын ылайык келүүсү
• Марафон жөнүндө бардык маалыматтар Интернет социальдык тармактарында А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын расмий беттеринде жайгаштырылат:
o Сайты: www.nlkr.gov.kg
o Instagram: national.library.kg
o Facebook: https://www.facebook.com/libkr
• youtube канал: А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы whatsapp: 0505 305064
Адабий марафондун жыйынтыгы 2021-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил Күнү майрамында жыйынтыкталат жана А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын сайтына — www.nlkr.gov.kg, Instagram жана Фейсбукта жайгаштырылат. Марафондун бардык катышуучулары окуу марафонунун дипломдору менен сыйланат. Катышуучулардын өзгөчө маанилүү иштери сыйлыктар менен белгиленет. Дипломдор менен марафондун материалдарын камтыган электрондук катка жообу менен жиберилет.