Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Марлен Темирбековдун 90 жылдыгына арналган иллюстративдик көргөзмө уюштурулду.

Марлен Темирбековдун 90 жылдыгына арналган иллюстративдик көргөзмө уюштурулду.
15 Ноя 2023

2023-жылдын 15-ноябрынан тартып маданият жана искусство бөлүмү тарабынан — Марлен Темирбековдун 90 жылдыгына арналган иллюстративдик көргөзмө уюштурулду. Темирбеков-ырчы (баритон), Кыргыз ССРинин Эл артисти Марлен Темирбеков 1933-жылы 15-ноябрда Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасында туулган.Марлен Темирбеков орто мектепти аяктаган соң П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясына тапшырган.М.Темирбеков мекенине кайтып келип, Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын группасында солист болуп иштей баштаган. Ал алгачкы жолу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында М.Раухвергердин, Ч.Айтматовдун ошол эле повестинин негизинде коюлган “Жамиля” операсында Даниярдын ролун аткарган. Театр искусствосун ийгилиги учун Кыргызстандын Ленин ордени Опера жана балет театрынан «Академиялык» деген наам берилген.

Көргөзмөдө ырчы тууралуу китептер, журналдар, ноталар, маалымдама адабияттар жана фотоматериалдар коюлган.