
2026-жылдын 3-мартында, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында Кыргыз эл акыны, прозаик, драматург, III даражадагы Манас орденинин ээси Меңди Мамазаированын “Кызгылтым кеч” китебинин бет ачары болуп өттү.

Улуттук китепкананын кызматкери, белгилүү акын Махабат Молдалиева уюштурган иш-чарага Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Журналисттер союзунун жетекчисинин орун басары Курманбек Раматов, Кыргыз эл акындары: Карбалас Бакиров, Тазагүл Закирова, акын, котормочу Маркабай Ааматов, белгилүү драматург Жеңишгүл Өзүбекова, балдар жазуучусу, педагог Сулайман Рыспаев жана чыгармачыл адамдар катышты.

Катышуучулар Меңди эженин алигүнчө калемин таштабай, дале болсо махабат ырларын жазып, сүйүүнү даңктап, барктап келатканына, сынынан жазбай, гүлдөй ачылып, жаркылдап жүргөнүнө, сыясы кургай элек “Кызгылтым кеч” ыр жыйнагына жогору баа беришти. Карбалас Бакиров, “Кызгылтым кеч” жука болгону менен бир томдукка тете китеп болуптур” десе, Сулайман Рыспаев тоодой китеп болгонун баса белгиледи.
Автордун ырлары көркөм окулду, жубайы, маркум акын Жолон Мамытовдун “5-Б класста” ыры жаңырып, отургандарды балалыкка жетелеп барды.
Аягында Меңди Мамазаирова келген коноктордун жакшы сөздөрү менен өмүрүнө өмүр кошулганын айтып, ыраазычылыгын билдирип, “Жашасын, кыргыздын ынтымагы! Жашасын, кыргыздын биримдиги! Жашасын, поэзия!” — деп сөзүн бүтүрдү.