Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Медицина илимдеринин доктору Миталип Мамытов 75 жашта.

16 Дек 2014

2014-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, профессор Миталип Мамытовдун 75 жылдыгына арналган китеп көргөзмө болот.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Медицина илимдеринин доктору, академик, белгилүү нейрохирург М. Мамытов 1939 жылы Ош областынын Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында туулган.
Орто мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык окуу жайын 1960 жылы, Медициналык институтту 1966 жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Ушул эле жылы Ленинград шаарындагы нейрохирургиялык илим-изилдөө инситутуна клиникалык ординатор болуп кирип, аспирантурада да окуйт. 1972 жылы кандидаттык диссертациясын жактайт.
М. Мамытов 1972 – 1989 жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун невропотология жана нейрохирургия кафедрасында ассистент, кийин доцент, дарылоо факультетинин деканы болуп иштеген. 1988 жылы Киев шаарында “Баш мээнин шишик ооруларын хирургиялык жол менен айыктыруу ыкмалары” деген илимий эмгеги боюнча докторлук диссертациясын жактайт.
М. Мамытов дүйнөлүк нейрохиругиянын практикасында баш, мээ органына 6 миңден ашык оор операцияларды жасаган. М. Мамытовдун демилгеси менен өзүнчө нейрохирургия борбору ачылып, клиникалык нейрохирургияны реконструкциялаган. Анын клиникасында Швейцариянын, Туркиянын, Москванын, Санкт-Петербургдун жана Киевдин адистеринин катышуусу менен операциялар жасалган.
М. Мамытов 80 ден ашык илимий эмгектерди жазган. Алардын үчөө чет тилде басылып чыккан. Илимпоздун жетекчилиги менен эки кандидаттык диссертация жакталган.
1993 жылы М. Мамытовго ЮНЕСКОнун иши бонча Кыргыз Республикасынын улуттук комитети тарабынан медициналык коомчулуктагы эң мээримдүү адам катары таанылып, республикадагы медициналык кызматкерлеринин ичинен биринчи жолу “Боорукер” деген наам берилген