Бүгүн Мекенге кызмат өтөөнүн символуна айланып, жылына белгиленип, бейпилдикти даңазалап келаткан майрам — 23-февраль Мекен коргоочуларынын күнү. Мезгил өтүп, муун алмашканы менен Мекенди, туулган жерди, мамлекеттүүлүктү, эркиндикти коргоо зарылчылыгы эч өзгөрбөйт. Ушул милдетке бекем туруп, ар-намыс, каармандыктын үлгүсүн көрсөтүп, Мекен үчүн жанын берген ата-бабаларыбыздын жана чек араны коргоп курман болгон баатырларыбыздын жаркын элесине таазим кылабыз, Мекен коргоону улантып жаткан мекен сакчыларын куттуктайбыз!
Урматтуу даанышман аталар, намыскөй, мекенчил ага-инилер, Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, ишиңиздерге ийгилик, бакубат жашоо, Мекенибизге тынчтык, бейпилдик жана туруктуу өнүгүү каалайбыз! Жакшы тилектериңиздер орундалып, алдыга койгон максаттарыңыздарга жетиңиздер!
Урматтоо менен, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы