Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Мен дЇйнйнЇ китеп менен тааныйм

22 Апр 2014
2014-жылдын 23-апрелинде саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын алдындагы А. Осмоновдун айкелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы менен биргеликте Китеп күнүнө арналган «Мен дүйнөнү китеп менен тааныйм» аттуу адабий-музыкалык поэзия кечеси өткөрүлөт.
Китеп күнү баарыдан мурда жаштарга арналган, алар өздөрүнүн түшүнүктөрүн, ой жүгүртүүсүн жана фантазиясын өнүктүрүүсүнө көмөктөшөт, анткени китеп – билимдин булагы. Бул китеп көргөзмө мамлекеттин маданиятын сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү китептин ролуна өзгөчө көңүл бурдурат. Китеп адамзаттын маданий мурастарын сактоо жана байытуу боюнча биздин жалпы күч-аракетибизди бириктирген негизги жардамчы. Китеп – бул маданий ар түрдүүлүктүн терезеси, китеп – ар түрдүү замандарда жана жер жүзүндө болгон цивилизацияларды байланыштырып турган көпүрө.
Китеп күнү иш-чараларда Улуттук китепкананын алдындагы А. Осмоновдун айкелинин жанында «Учур» театрынын, «ТЮЗ» театрынын артисттеринин, № 87 мектептин окуучуларынын сценкаларынын аткаруусу, «Нурборбор» эл аралык академиясынын «Жаңы толкун» клубунун жаш акындарынын көркөм окуусу кыргыздын белгилүү акындарынын жаңы ырлары окулуп, обончулардын, ырчы артисттердин аткаруусу шаңга бөлөйт, ошондой эле КР Улуттук китепканасында чыгарылган китептер сатылат.
Чыгармачыл инсандар менен окурмандардын жолугушуулары коштолуп, поэзия кечеси өткөрүлөт.
Поэзия кечесине мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын, билим берүүнүн кызматкерлери, акын-жазуучулар, студенттер жана китеп ышкыбоздору катышышат.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел.: 30-50-57.