Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Мезгил. Достор. Жазуучу.

21 Ноя 2016
2016-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө жазуучу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубатбек Жусубалиевдин 75 жаш мааракесине арналган “Мезгил. Достор. Жазуучу.” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы 30-октябрда Лейлек районундагы Кердегей айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факулътетин бүтүргөндөн кийин, 1965-1967-жылы Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон.
Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган. 1953- жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы “Кыргызстан ” сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон.
1964-жылдан облустук “Ленин жолу” гезитинин адабий кызматкери, 1965-1985-жылдары “Кыргызтелефилъм” студиясында редактор болуп иштеген.
Чыгармачылык иишердүүлүгү 1963-жылдан башталып, анын алгачкы аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген ат менен 1967-жылы «Мектеп басмасынан басылып чыгарылып, жазуучу катары белгилүү боло баштайт. Өзү жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштесе да, кыргыз адабиятына зор салым кошуп, прозалык китептердин, аңгемелердин автору болду. Ал китептердеги көркөмдүгү жана мазмуну шайкеги келген прозалары аркылуу өлкөбүздүн окурмандарына кеңири таанылды. Анын «Күн автопортретин тартып бүтө элек», «Толубай сынчы», «Муздак дубалдар», “Жети сөз жана Конфуций ” сыяктуу проза жыйнактары да окурмандар арасында зор кызуугуну туудуруп, адабиятта жаңы агымды, жаңы стилди пайда кылды. К Жусубалиевден таасирленген, таалим алган жаш жазуучулардын бүтүндөй бир мууну өсүп чыкты. Кубатбек Жусубалиев таланттуу калемгер гана эмес, мыкты киносценарист катары да таанымал. Кыргыз кинематография тармагында да эмгектенип, анын сценарийи боюнча К. Юсупжанова тарткан “Жайлоо”, “Чабан жана жөө туман”, “Жолборс эки уйду жыгып жеп жатат” документалдуу филъмдери эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарды ээлеп, кыргыз киносунун алтын фондусуна киргизилген. Жазуучунун «Толубай сынчы» аттуу публицистикалык дем менен жазылган повести чыгармачылык жолундагы эң маанилүү эмгеги болуп эсептелет.
Бул чыгарманы республикабыздын адабий сынчылары сындан өткөрүп өтө жогорку баа беришкен. К. Жусубалиев “Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамдын ээси, Кыргыз ССРинин жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз кинематографисттер союзунун мүчөсү.
«Мезгил. Достор. Жазуучу» аттуу китеп көргөзмөдө К Жусубалиев жөнүндөгү маалыматтар, китептер, көптөгөн ар түрдүү макалалар, публицистикалар орун алган.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы
тел.: 30-47-04