Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Мезгил жана Алыкул” аттуу эскерүү иш чарасы

“Мезгил жана Алыкул” аттуу эскерүү иш чарасы
14 Мар 2024

2024-жылдын 14-мартында  А.Осмонов музейинин кызматкерлери жана Алыкул изилдөөчү Шаршенбай Ажыбеков менен даярдаган Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө жана чыгармачылыгына арналган “ Мезгил жана Алыкул” аттуу эскерүү иш чарасы болуп өттү. Иш чарага конок катары чакырылгандар: КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары: Памирбек Казыбаев, Болотбек Сатыгулов, КР Эл акыны Жедигер Саалаев, КР Эл акыны Сагын Акматбекова. “Мөңгү” президенти Үрүстөм Кабылбековдор болушту.
“Алыкулдун кыздары” адабий музыкалык топ жана обончу Жекшен Турусбековдор Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган ырлардан аткарып беришти. Ошону менен катар Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын кызматкерлери жана “Дафха” мектеп комплексинин окуучулары да катышып, Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуп беришти. “Мезгил жана Алыкул” кечеси абдан кызыктуу өттү. Алыкул изилдөөчү Шаршенбай Ажыбековго китепкананын жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Иманкулова Нуржан Ракимовнанын атынан “Ыраазычылык кат” тапшырылды. Иш чаранын алып баруучусу Алыкул Осмонов Улуттук китепкананын кызматкери Күлсүмбүбү Соорбекова болду.