Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

МЕЗГИЛ ЖАНА АЛЫКУЛ.

МЕЗГИЛ ЖАНА АЛЫКУЛ.
12 Дек 2023

2023-жылдын 12- декабрында Редакциялык-басма жана музей иштери бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаев келип кетти. Анын “Мезгил жана Алыкул” фильминде залкар акын Алыкул Осмоновдун ролун өтө чебер аткаргандыгы белгилүү. Бөлүмдүн кызматкерлери акындын каза болгон күнүнө карата эскерүү кечесин өткөрүүнү пландап, алдын-ала актерду “Алыкул Осмонов музейине” чакырган эле. Актер адегенде улуу акындын арбагына багыштап куран окуду, музейдин кызматкерлери биргелешип бата кылышты. Музейде Ч. Мамаев акын жөнүндө айтып, музейдин айрым экспозицияларынын алдында бир нече ырларын көркөм окуп берди. Бул көркөм окуулардын бардыгы видеотасма үчүн тартылып алынган. Толук маалыматка бир топ алыкултаануучулар катышкан кыргыз элинин сыймыгы Алыкул Осмоновду эскерүү кечесинде күбө болосуздар.