2026-жылдын 26-февралында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы, айтылуу баатыр Төрөгелди Абайылда уулунун небереси Молдо Кылычтын (1866-1917) 160 жылдыгына карата «Кыргыздын алгачкы жазма акындарынын бири — Молдо Кылыч Шамыркан уулу» аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөгө XIX кылымда жашаган улуу акындын китептери, ырлары, казалдары, акын жөнүндө кызыктуу изилдөөлөр, макалалар, эскерүүлөр жайгаштырылды.
Өзү жашаган доордогу коомдун билимдүүсү болгон Молдо Кылыч Шамыркан уулу Кочкор өрөөнүндө туулган. Жаш кезинен чыйрак, зээндүү, акылдуу бала болуп чоңоюп, диний мектептен сабаты жоюлуп, ыр жазган. 1910-жылы бир аз убакыт бала окуткан. Төкмө акын да болгон. Комуз, домбура чертип, өз учурундагы турмушту, кыргыз жерин даңазалап ырдаган.
“Мага күмбөзүңөрдүн кереги жок. Менин китептерим — өлбөй турган күмбөзүм” деп залкар акын айткандай, артына өлбөй турган эстелик тургузуп кетти.
Баарыңыздарды көргөзмөгө чакырабыз!