Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Молдогазы Токобаевдин туулган күнүнүн 115 жыл

Молдогазы Токобаевдин туулган күнүнүн 115 жыл
26 Фев 2020

2020-жылдын 26- февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында Молдогазы Токобаевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына карата арналган “Молдогазы Токобаев белгилүү акын, драматург” аттуу китеп-көргөзмөсү коюлду.
Белгилүү акын, драматург кыргыздын жазма адабиятына негиз салган адабиятчы, коомдук ишмер М.Токобаев 1905-жылы Ыссык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында туулган.

1921-жылы Караколдогу жетим балдар үйүндө тарбияланып, андан Түп районундагы айыл чарба техникумун 1926-жылы окуп бүткөн. 1926–1929-жж. Каракол жана Нарын Кантонунда комсомолдун катчысы, 1929–1931-жж. Москвадагы Коммунисттик университетте окуп, 1931–1936-жж. Кочкор райондук партия комитетинин катчысы жана Сакалды МТСинин саясий бөлүмүнүн начальниги, 1936–1937-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1937–1938-жж. Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору, 1938–1940-жж. Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин төрагасы, 1940 жылы Кыргызстан Борбордук партия комите-тинин катчысы, 1941-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1944-жылы Талас облустук партия комитетинин биринчи катчысы, 1948-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитеттин председатели, 1953–1957-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин сын жана библиография бөлүмүн башчысы болуп иштеген.

Акындын “Кайсы убак?”, “Жан карындаш” аттуу тунгуч ырлары 1924-жылы “Эркин Тоо” газетасына жарыяланган. 1931-жылы М.Токобаевдин биринчи «Ырлар жыйнагы», 1947-жылы орус тилинде «Мы друзья Ленинграда» деген китеби чыккан.
М.Токобаев кыргыз драматургиясына негиз салуучулардын бири. Кыр-гыз элинин театр искусствосу 1928-жылы жазылган М.Токобаевдин «Кай-гылуу Какей» аттуу пьесасы менен башталат. Адабиятка сиңирген эмгеги коомчулук, өкмөт тарабынан жогору бааланып Ленин жана эки “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ал 1974-жылы 21-майда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Китеп көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Кайгылуу Какей: Ырлар, поэмалар жана драма -Ф.: 1985 Жарык куз: ырлар жана поэмалар-Ф.:1971 Ленинчил жаш – 1988. Маленов Б Көөнөрбөс эмгек көркөм чыгармачылык; ж.б.чыгармалары.

Дареги: Бишкек, Ю. Абдрахманов көчөсү, 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тел: 30-46-83