Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

МОСКВАНЫ БАГЫНДЫРГАН ТИЛЧИ ТАЗАБЕК САМАНЧИН

МОСКВАНЫ БАГЫНДЫРГАН ТИЛЧИ ТАЗАБЕК САМАНЧИН
08 Май 2024

       2024-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө адабиятчы, котормочу, сынчы, драматург- Тазабек Саманчиндин 115 жылдыгына карата “Москваны багындырган Тилчи Тазабек Саманчин” атту китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Тазабек Саманчин  Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Жаңы-Жол кыштагында 1909-жылы туулган.1921-жылы жетим балдар үйүндө, 1923-жылы Алма-Атада, 1925-жылы Фрунзеде ачылган педтехникумда окуйт.Эмгек жолун1929-жылы Жалал-Абад педтехникумунда мугалим болуудан баштайт. Москвадагы Ленин атындагы пединститутту 1934-жылы бүтүрүп чыгат да, эки жыл эл агартуу тармагында иштейт.1948-жылы биринчилерден болуп филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.1936–1950-жж. Тил жана адабият институтунда, 1974-жылга чейин педагогикалык илим изилдөө институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеген. Т.Саманчиндин «Чоңдор үчүн алиппеси» 1935-жылы басылып чыккан. Т.Саманчин кыргыз адабиятчыларынын ичинен биринчи болуп кыргыз элинин революцияга чейинки адабият чыгармачылыгынын өнүгүшүн изилдеген. Т.Саманчин филология илимдеринин кандидаты, 1938-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон. Т.Саманчин 1938-жылы «Берметтин уландары», Ата Мекендик согуш мезгилинде «Абышкалардын жоругу», «Too арасында» пьесаларын жазган. Бир канча сын-макалалар жана адабий  эмгектердин автору. В.Белинскийдин, М.Горькийдин, Л.Толстойдун, А.Чеховдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ал «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1950-жылы Т.Саманчин айыпсыз куугунтукка алынып, 10 жыл эркинен ажыратылган. Аны менен кошо манас таануучулар Ташым Байжиев менен Зыяш Бектенов жазыксыз жерден абакка кесилишкен. 1955-жылы толугу менен акталып, камактан бошотулган. Бирок кийинчерээк да Саманчин эч бир олуттуу  кызматка орношо албай калган. Т. Саманчин 1979-жылы Бишкекте каза болгон. Көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Боордоштор, Бийик Тоо, Алипе Адабият программасы, Биздин адабият, КР жазуучулары, Condor усун Alipe. Котормолору: Ваня таяке, Анна Каренина ж.б.