Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Мугалим – мөмөлүү дарак

04 Окт 2019

2019 жылдын 5- октябрында Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Кыргыз-Түрк маданий борборунда мугалимдердин бүткүл дуйнөлүк күнүнө карата “Мугалим – мөмөлүү дарак” атту китеп — көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден- бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экенин эске алып,ошондой эле билим берүү жана тарбия жумушчуларынын маанилүү ролун эстен чыгарбай, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008- жылдын 5-февралындагы №36 Токтому аркылуу «Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү”- жыл сайын мугалимдердин профессианалдуу майрамын белгилөө күнү деп кабыл алынган.

Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.
Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз азыркы мезгил үчүн айрыкча мааниге ээ. Анткени бүгүн мектеп да түп тамырынан кайра түзүлүү тагдырына туш келип, заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, өз өнүгүүсүнүн кыйла кыйын кезегин баштан кечирип жаткан кези.
Ошондуктан педагогтун азыркы учурда аткарчу милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим берүү таалим- тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Республикада жүрүп жаткан ар кандай реформаларга аралашып, аны алдыга жылдыруучу жаңы күчтөр дал ушул мектептер аркылуу даярдалып, улуттар аралык ынтымакка, адамдар ортосундагы өз ара жылуу мамилеге жана жалпы журт ичиндеги бейпилчиликке бекем данакер.
Китеп көргөзмөдө: Мугалимдер жөнүндөгү материалдар, китептер, макалалар, ой-пикирлер орун алган.

Адрес: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана тел:. 30-46-83