А. Осмонов атындагы КР УК Сейрек кездешүүчү жана өгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун 120 жылдыгына карата ”М. Ауэзов-XX кылымдын улуу жазуучусу жана гуманисти” атуу китеп когөзмөсү 2017-жылдын 28-сентябрында окурмандардын, көрөрмандардын назарына коюлду.
Ауэзов Мухтар Омарханович 1897-жылы 16- сентябрында Семей областынын Абай районунун Аркет айылында жарыка келген. Казак жазуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Казакстан ИАсынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор.
1919-жылы Семейдеги мугалимдер семинариясында окуп билим алган. 1923-1928-жылдары Алмаата, Ташкендеги Орто Азия мамлекеттик университетинде, Ленинград университетинде окуп, филология факультетин бүтүргөн. 1928-1930- жылдары Орто Азия университетинин аспирантурасында окуган.
Тунгуч чыгармасы “Эңлик-Кебекти” 1917-жылы жазган. Пьесада феодалдык-уруучулук түзүлүштүн курманы болгон эки жаштын трагедиялуу махабаты баяндалат. Айрым идеалык-көркөмдүк кемчиликтерине карабастан, “Эңлик-Кебек” автордун чыныгы талант ээси экендигин айгинелеген.
1921-жылы “Коргоосуз калгандардын тагдыры”, 1923-жылы “Ким айыптуу?”, 1937-жылы “Каралуу сулуу” сыяктуу 20дан ашуун пьесалары жарыяланган. Ауэзов көркөм чыгармачылык менен бирге, илимий майданда белсенип иштеп, казак жана боордош элдердин адабиятынын маанилүү маселелери боюнча бир нече илимий сын макала жазган.
Орус жана дүйнөлүк классиктердин (У.Шекспирдин, А.С. Пушкиндин, И.А. Тургеневдин, Н.В. Гогольдун, М.П. Погодиндин) чыгармаларын казак тилине которгон.
1940-жылы Л. Соболев менен бирге “Абай” атуу трагедиясын жазган.
Бул тарыхый чыгармада Абай өмүрүнүн соңку жылдарына кайрылып, улуу акындын трагедиялуу тагдырын көрсөтөт.
М. Ауэзовдун талантынын гүлдөгөн мезгили “Абай жолу” роман – эпопеасын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1-2-китеби 1942-1947 жылдары жазылып, 1949-жылы СССР мамлекеттик сыйлыка татыктуу болгон. 3-4-китеби 1950-1956- жылдары жазылып, 1959- жылы Лениндик сыйлыкка ээ болгон. Бул роман-эпопеяда улуу акын Абай Кунанбаевдин татаал өмүр жолу чагылдырылат. Роман 30дан ашуун дүйнө тилдерине которулган.
М. Ауэзов өмүрүнүн акыркы жылдарында адабияттын башка жанрларында да жемиштүү эмгектенген. “Алтын шакек”, “Асыл насилдер”, “Майдан”, “Акын элинде”, “Түштүк очерктери”, “Индия очерктери”, “Америка таасирлери” ж. б. очерк, аңгемелерин жараткан. 1939-1944-жылдары “Ак кайың”, “Бекет”, “Сыноо сааты”, “Каракыпчак Кабыланды” пьесаларын жазган. Анын илимий изилдөөлөрү, сын макалалары 1959-жылы “Ар жылкы ойлор” китебине кирген.
М. Ауэзов улуу “Манас” эпосун изилдөөгө арнаган эмгеги бүткүл союздук илимпоздор чөйрөсүнө кеңири белгилүү. “Караш-караш окуясы” повести, аңгемелери жана илимий эмектери кыргыз тилинде жарык көргөн.
М. Ауэзов Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Бул китеп көргөзмөгө жазуучунун өмүр баяны, ар кыл жылдарда жарыкка чыккан чыгармалары, ал жөңүндө эскерүүлөр, газетадан статьялар коюлду.
Дареги: А. Осмонов атындагы КР УК
2- этаж. № 57 кабинет. Тел: 30 – 46 – 79.