Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Мукай Элебаевдин 105 жылдыгына карата йткйрЇлгйн китеп кйргйзмйсЇ

26 Янв 2011
2011-жылдын 21-январында саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында көрүнүктүү акын, прозаик, котормочу Мукай Элебаевдин 105 жылдыгына арналган
«…Эне тилде баш турмуштун булагы,
Тилсиз адам кадам алга жылабы…»
аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көргөзмөгө көптөгөн китептери, котормолору М. Элебаевдин чыгармачылыгы боюнча жазылган илимий макалалар, газеталык публикациялар, кол жазмалары, авторлордун изилдөө эмгектери, басмага чыкпай калган пьесалары 25 шкафка жайгаштырылып, көргөзмөнүн материалдары менен китепкананын окурмандары таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мукай Элебаев жөнүндөгү чагылдырылган материалдар үч бөлүктөн орун алды:
1. Өз доорунун жарчысы
2. Новатор акын, жазуучу жана котормочу
3. Мукай Элебаевдин замандаштары
М. Элебаевдин биринчи «Ырлар жыйнагы» (1931), «Узак жол» автобиографиялык романы (1936), «Кыйын кезең» аңгемеси, «Ырлардын толук жыйнагы» (1938), «Улуу марш» ырлар жыйнагы (1943), «Ач көздөр» көп актылуу пьесасы, жана башка чыгармалары аркылуу кыргыз адабиятынын өнүп-өсүшүнө чоң салымын кошкон.
Көргөзмөнү Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. Бакашова ачып, М. Байжиев, А. Алымбаев, О. Сооронов, С. Тургунбаев, М. Элебаевдин небереси Н. Элебаева, жердеши Ж. Каниметов жана башкалар чыгып сүйлөштү.
Көргөзмөнүн ачылышына коомдук ишмерлер, маданияттын, илимдин кызматкерлери, 50гө жакын акын, жазуучулар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
М. Элебаевге арналган көргөзмө катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.