Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Муратаалы Куренкеевге 150 жыл

24 Фев 2010

22-февралда саат 11. 00дө КР Улуттук китепканасында Кыргыздардын руханий мурастарынын жылынын алкагында, композитор, чыгаан импровизатор, кыяктын, комуздун, чоордун жана темир комуздун күүлөрүн аткаруучу, Кыргыз ССРинин эл артисти Муратаалы Күрөңкеевдин туулган күнүнүн 150 жылдыгына карата «Байыркы биздин тарыхтын бир өмүрү – комузда" деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы болот.

Ал элдик музыканын бардык жанрлары үчүн 100гө жакын музыкалык чыгармалардын автору. Муратаалынын репертуарындагы чыгармалар байыркынын кайрыктары, эзелкинин мүнөзү менен айырмаланат. Ал ырдын обондорун кара иштеп чыгып эпостук, тарыхый жана тарыхый-тиричиликтик сюжеттерге обондорду, миниатюраларды, пьесаларды жараткан.
Муратаалы Күрөңкеевдин чыгармачылыгы кыргыздын профессионал музыкалык искусствосунун калыптанышында зор роль ойногон.
Муратаалы – элдик музыкалык каада-салттын нукура кенчи.
Ал Кыргыз маданиятынын Москвадагы I декадасына (1939-ж.). Эмгек Кызыл Туу (1939-ж.), Ленин (1945-ж.) ордендери менен сыйланган. СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1939-ж.).
Кыргыз музыкалык окуу жайына жана Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине Муратаалы Күрөңкеевдин берилген
«Байыркы биздин тарыхтын бир өмүрү – комузда" деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөдө улуу музыканттын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө документтер, китептер, фотографиялар, анын чыгармаларынын ноталары жана Кыргыз мамлекеттик филармониясынын жана К.Орозов атындагы Кыргыз элдик аспаптар оркестринин солисттеринин аткаруусундагы чыгармалар жазылган грампластинкалар коюлат.
Көргөзмөдөгү экспонаттардын айрымдарын М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай берген. Окуу жайдын студенттери элдик аспаптарда М.Күрөңкеевдин жана анын шакирттери Ы.Тумановдун, А.Огомбаевдин жана башкалардын репертуарындагы чыгармаларды аткарышат.
Көргөзмөгө белгилүү музыка изилдөөчүлөр, композиторлор, музыкалык жогорку оку жайлардын, окуу жайлардын, мектептердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышат.