Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Мурза Гапаровдун 75 жылдыгына карата китеп-сЇрйт кйргйзмйсЇ

04 Апр 2011
{mosimage}2011-жылдын 30-мартында саат 11:00дө Улуттук китепканада белгилүү драматург, прозаик жана киносценарист Мурза Гапаровдун китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Көргөзмөгө жазуучунун көптөгөн китептери, драмалары М. Гапаровдун чыгармачылыгы боюнча жазылган макалалар, газеталык публикациялар, сыйлыктары, кол жазмалары, сүрөттөрү шкафтарга жайгаштырылып, көргөзмөнүн материалдары менен китепкананын окурмандары таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, сөз учугун Мурза Гапаровдун чыгармачылыгы жөнүндө кеңири жыйынды жасады. Сөз Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго берилип, ал жазуучунун басып өткөн жолун кеңири баяндап берди. Кыргыз Эл жазуучулары К. Өмүркулов, Ө. Даникеев, кыргыз Эл акыны Н. Жаркынбай, кыргыз маданиятына эмгек синирген ишмерлер А.Токтомушев, М. Абакировдор, Мурза Гапаровдун чыгармаларын изилдөөчү, филология илимдеринин кандидаты Эдилова Кынатай сөз сүйлөшүп, М. Гапаровдун чыгармаларынын баалуулугун, жазуучунун көрөгөчтүгүн, М. Гапаровду “кыргыздын Чехову” деп баса белгилеп кеңири баяндап беришти. М. Гапаровдун жубайы жазуучу, драматургдун чыгармачылыгына кенен-кесири токтолуп, бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгына үй-бүлөсүнүн атынан терең ыраазычылыгын билдирип өттү.
Бишкек жашыл театры менен кыргыздрамтеатрынын ортосундагы биргелешкен М. Гапаровдун “Былтыркы кар кайда?”спектаклинен Кыргыз Республикасынын Эл артисткасы Жыпариса Көчөрбаева үзүндү аткарып берди.
Мурза Гапаровдун китеп-сүрөт көргөзмөсүнө анын чыгармалары, китептери, драмалары, ой-пикирлер, сүрөт иллюстрациялары коюлду. Бул көргөзмө катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, китеп-сүрөт көргөзмөсү өз максатына жетти.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}