Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Музыкалык аспаптар Улуттук китепкана үчүн чоң салым болду

Музыкалык аспаптар Улуттук китепкана үчүн чоң салым болду
16 Сен 2025

2025-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмүнө ар түрдүү музыкалык аспаптар сатылып берилди.

Атап айтканда, санариптик фортепиано, электроакустикалык гитара, электроскрипка, комуз, санариптик ургулоо аспабы, винил проигрыватель ж.б тиешелүү кошумча жабдыктар.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы искусство жана маданият боюнча уникалдуу фондго ээ. Маданият жана искусство бөлүмүндө жалпысынан 142 161 даана материалдар жыйналган. Анын ичинде 142 532 китеп, 12218 даана грампластинкалар, 76112 нота, 39494 сүрөт альбомдору, 88 аудиокассета, 113 DVD дисктер – ата мекендик жана чет өлкөлүк композиторлордун классикалык жана популярдуу музыкалык чыгармаларынын б.а 1936-жылдан бери чыгармаларынын ноталары бар дисктер бар.
Сатылып алынган музыкалык аспаптар окурмандарга сейрек кездешүүчү грампластинкаларды угууга, музыкалык аспаптарда ойноого мүмкүнчүлүк берет. Мунун баары китепканада чыгармачылык мейкиндикти түзүүгө, кыргыз музыкалык салтын жана заманбап музыкалык искусствосун жайылтуу жана изилдөө боюнча маданий иш-чараларды өткөрүүгө негиз болот.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору А.А. Аскарова «Бул – китепкананын заманбап билим, маданият жана технология борбору катары өнүгүшүндөгү болуп көрбөгөндөй кадам. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз жана бул өлкө боюнча билим берүү жана маданий демилгелердин мындан ары өсүшүнө түрткү болот деп ишенебиз. Техниканын жана музыкалык аспаптардын китепканага келиши инвестиция гана болбостон, келечек муунга кошкон чоң салым болот» деп белгиледи.