Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Н.М.Карамзиндин 250 жылдыгына арналган “Человек велик духом своим» китеп-сЇрйт кйргйзмйсЇ

07 Апр 2016

2016-жылдын 8 апрелинде саат 17:00до Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында орустун чыгаан жазуучусу, тарыхчы, журналист, публицист, акын Н.М.Карамзиндин 250 жылдыгына арналган “Человек велик духом своим: Выдающийся историк, писатель, поэт, журналист, почетный член Петербургской Академии Наук Н.М. Карамзин. 250 лет со дня рождения”, деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы болот.

Көргөзмөнүн ачылышы Россия Федерациясын Мамлекеттик думасынын Федералдык жыйынынын Төрагасы, Россиянын Тарыхчылар коомунун төрагасы С.Е.Нарышкин баштаган парламенттик делегациянын келишине арналган.

КР Улуттук китепканасы маданияттар арасындагы байланышты, эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдө активдүү позицияны ээлейт. Китепкана Россиянын мамлекеттик китепканасы, Россиянын Санкт-Петербургдагы Улуттук китепканасы, Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, “Русский Мир” фонду менен жемиштүү кызматташууда. Ушул кызматташтыктын натыйжасында бир топ долбоорлор ишке ашырылды: Россия адабиятынын жана маданиятынын борбору ачылды, “Русский Мир” борбору, Россиянын Мамлекеттик китепканасынын Диссертациялардын электрондук китепканасынын виртуалдык окуу залы, Россиянын мыйзамдары боюнча маалымат алуу борбору ачылды. КР Улуттук китепканасынын фонду дүйнө элдеринин 90 тилиндеги 6 млн. документтен турат, бул фонддун үчтөн экиси орус тилинде. Кыргызстандын элинде россия адабиятына кызыгуу абдан жогору.

Карамзиндин 250 жылдыгына карата Россия Федерациясынын Президентинин Жарлыгы менен 2016-жыл Россияда Карамзиндин жылы болуп жарыяланган. КР Улуттук китепканасы жыл сайын 1000ден ашык чоң иш-чараларды өткөрөт, мунун ичинде орус тилинин ролуна жана маанисине, Россиянын билимине, илимине жана маданиятына, ошондой эле белгилүү илимпоздоруна, жазуучуларына арналган иш-чаралар бар.

Н.М.Карамзин – патриот, историограф, орустун сентименталдык поэзиясынын баштоочусу, публицист, сынчы, орус тилинин реформатору. Улуу ойчул жыйырма жылдан ашык эмгегин жумшап, бүткүл өмүрүн арнап жараткан эмгеги — «История Государства Российского» — XIX кылымдын башталышындагы орус адабиятынын чоң жетишкендиги, залкар тарыхый эмгек. Карамзиндин "История Государство Российского" аттуу эмгеги орус адабиятында чоң роль ойногон. Ушул эмгектин негизинде Пушкиндин "Песнь о вещем Олеге", "Борис Годунов" деген чыгармалары жана А.К.Толстойдун “Смерть Иоанна Грозного”, “Царь Федор Иоаннович” жана “Царь Борис” аттуу драмалык трилогиясы жаралган.

Н.М.Карамзиндин прозасы жана поэзиясы орустун адабий тилинин өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизген. Карамзин чиркөөлүк славян лексикасы менен грамматикасын колдонуудан баш тартып, өзүнүн чыгармаларында ошол доордогу күнүмдүк турмушта колдонулган тилди жана үлгү катары француз тилинин грамматикасы менен синтаксисин пайдаланган. Ал орус тилине көп жаңы сөздөрдү киргизген жана Ё тамгасын колдоно баштагандардын бири.

“Человек велик духом своим: Выдающийся историк, писатель, поэт, журналист, почетный член Петербургской Академии Наук Н.М. Карамзин. 250 лет со дня рождения” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө 4 бөлүмдөн турат:

1. “Карамзин и его эпоха”;

2. “Великий реформатор русского языка”;

3. “Литературное наследие Н.М. Карамзина”;

4. “Н.М. Карамзин – историограф Государства Российского”.

Көргөзмөнүн ачылышына Россия Федерациясын Мамлекеттик думасынын Федералдык жыйынынын Төрагасы С.Е.Нарышкин жана парламенттик делегациясы, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн, министрликтер менен ведомстволордун, элчиликтердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү,

илимдин жана маданияттын ишмерлери, жалпыга маалымдоо каражаттары, китепкананын окурмандары катышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көчөсү, 208, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, тел: 30-46-95,30-46-77.