Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Насирдин Байтемировдун 95 жылдыгына карата “Кйп кырдуу талант” аттуу китеп-сЇрйт кйргйзмйсЇ

22 Апр 2011
{mosimage}2011-жылдын 21-апрелинде саат 10.00до Улуттук китепканада белгилүү акын, прозаик, драматург, публицист, котормочу Н. Байтемировдун китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлдү.
Көргөзмөгө акындын алгачкы китептери, ырлары, котормолору, чыгармачылыгы боюнча жазылган макалалар, публицистикалык материалдары, сыйлыктары, грамоталары, сүрөттөрү шкафтарга жайгаштырылып, көргөзмөнүн көркүнө көрк кошту.
Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, Н. Байтемировдун чыгармачылыгы жөнүндө кеңири сөз сүйлөдү. Сөз филология илимдеринин доктору, профессор И.Исамидиновго берилип, ал акындын чыгармачылыгы жонүндө кеңири баяндап, анын поэтикалык ырларынан үзүндү айтып берди. Чүй университетинин президенти, академик С. Мамбеткалиев, академик, философия илимдеринин доктору, профессор А. Какеев, жазуучу публицист Ө. Караев, акын Б. Бугубаев сөз сүйлөшүп, Н. Байтемировдун сейрек кездешүүчү көп кырдуу таланттуулугун баса белгилешип, даңазалап сөз сүйлөп беришти. Ал эми улуттук консерваториянын студенткасы Нуржан Түмөнбаева акындын “Эсте секет” аттуу обондуу ырын комуздун коштоосунда ырдап берди. Кыргыз Эл артисти Сталбек Алмазбековдун жетекчилиги астында А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын солисттери “Аста секин колукту” пьесасынан үзүндү аткарып беришти. Сөз аягында Н. Байтемировдун жубайы Мария Бейшеналиева акындын чыгармачылыгына токтолуп, Улуттук китепкананын жетекчилигине үй-бүлөсүнүн атынан терең ыраазычылыгын билдирди.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына белгилүү акын, жазуучулар, илимий жана маданият кызматкерлери, китепкана кызматкерлери, студенттер, акындын жердештери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
“Көп кырдуу талант” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}