Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Насыр Давлесовдун китеп-сүрөт көргөзмөсү коюлду.

Насыр Давлесовдун китеп-сүрөт көргөзмөсү коюлду.
15 Мар 2024
2024-жылдын 15-мартында маданият жана искусство бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу, I жана III даражадагы “Манас” ордендеринин ээси, композитор, дирижер, педагог, профессор Н. Давлесовдун китеп-сүрөт көргөзмөсү коюлду. Давлесов 1929-жылы 15-мартта Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган.
Чыгармачылыгын 1944-жылы П.Ф. Шубиндин жетекчилиги алдында эл аспаптар оркестринде артист болуп иштеп баштаган. 1945-жылы ал М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктап, Москвадагы П.И. Чайковский атындагы консерваториянын студиясынан билимин уланткан.Аталган консерваториянын дирижерлук бөлүмүн аяктап, 1958-1962-жылдары К. Орозов атындагы кыргыз мамлекеттик эл аспаптар оркестринин дирижеру, А. Малдыбаев атындагы опера жанан балет театрында дирижер, В.В. Маяковский атындагы кыз-келиндер пединститутунда музыка кафедрасынын башчысы, 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1983-1985-жылдары опера балет театрында башкы дирижер, 1985-1994-жылдарда КМИИ нин эл аспаптар кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Ал 50дөн ашык классикалык опера жана балеттик чыгармаларды өтө жогорку чеберчиликте сахналаштырган. Вокалдык-симфониялык чыгармалары, вокалдык хорлору алардын ичинен 300 дөн ашык ырлары, романстары, хорлору, кантаталары жана “ Аста секин колуктусу” ушул кунгө чейин театр сахнасында коюлуп келүүдө. 1991-жылы “Курманбек” операсы кыргыз музыкасынын алтын казынасына кирген. Кыргыз эл аспаптары үчүн “Токтогулдун күүлөрү” сюитаны жазган. “Чолпон Ата”, “Фрунзенин кыздары”, “Жылкычы бозой”, “Саанчы жеңе”жана башка ырлардын, хорлордун ээси. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири. 1999- жылы кичи мекени Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысмы ыйгарылган. Ал 2011-жылы дүйнөдөн кайткан.