Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Нинакан Жундубаеванын 90 жылдыгы

09 Окт 2017
2017-жылдын 20-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө акын Нинакан Жүндүбаеванын туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган календарлык китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.
Нинакан Жүндүбаева 1917-жылы Кочкор районунун Үкөк айылында туулган. Райондогу Кара-Коо мектебинин жетинчи классын бүтүп, эмгек жолун ошол эле мектептин башталгыч класстарында мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Караколдогу мугалимдерди кайра даярдоочу алты айлык курсту аяктаган соң 1940-жылдын январынан сентябрь айына чейин Жумгал райондук Кайырма орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 1941-жылга чейин комсомолдун Жумгал райондук комитетинин биринчи катчысы, ошондон үзгүлтүксүз 20 жыл партиялык, советтик жооптуу кызматтарда–райкомдун катчысы, райаткомдун төрагасы, обкомдун, облаткомдун бөлүм башчысы, 1955–1965-жж. Нарындагы «Тянь-Шань правдасы» гезитинде айыл чарба бөлүмүн жетектеп, Нарын облустук драма театрында директор, 1965–1971-жж. Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн начальниги, 1971–1976-жж. Кыргыз Жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча адабий нускоочу, 1976–1980 жж. ошол эле райондун «Эмгек-Туусу» гезитинин редакторунун орунбасары болгон.
Чыгармачылык ишмердиги 1957-жылы башталып, ырлар жыйнактары китеп болуп жарыкка чыгып, пьесаларынын көпчүлүгү театрларда коюлду. 60тан ашуун ырларына обон жазылып, музыканын алтын фондусуна алынган. 1980-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсионер болгон. 1995-жылы «Кыз Сайкалдын арманы» пьесасы республикалык жаштар театрында коюлган, о.э. «Гүлнар», «Акыйкат алдатпайт», «Өмүр белеги», «Кыз Сайкал арманы», «Ажал менен акыйкат», «Бир үйдө», «Махабат кусуру», «Амал түгөнүп абийир кеткенде», «Талаа станында», «Чалкып жаткан мухит» аттуу пьесалардын автору.
Н.Жүндүбаева «Ардак белгиси ордени», «Эмгек каарманы» Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына «Каарман эмгеги үчүн», Жеңиштин 10, 20, 30, 40, 50 жылдык медалдары менен, Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен алты жолу сыйланган. Кыргыз Республикасынын Эл акыны (1964), «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» (1977), «СССР маданиятынын отличниги» (1967) наамдарына татыктуу болгон. Маданият министрлигинин көп жолку Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргызстан ЛКЖС БКнын мүчөсү (1940-1944), Кыргызстан КП Кочкор райкомунун мүчөсү (1946–1950), Нарын обкомунун мүчөсү (1945–1948), Нарын облустук советинин элдик депутаты болуп (1956–1963) шайланган.
Акындын ырлары түркмөн, тажик, эстон, белорус, хакас, казак ж.б. элдердин тилдерине которулган.
Акындын аты Кочкор районундагы мурдагы Кара-Коо орто мектебине ыйгарылган.
Китеп-сүрөт көргөзмөгө “Алгачкы жаңырык”, “Узатуу”, “Ишенем”, “Өнөр”, “Эне тилеги”, “Үмүтүм түгөнбөйт”, “Ата журт күүлөрү”, “Кызыл өрүк” ж. б. ыр жыйнактары, ксерокөчүрмөлөр коюлду.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч. 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57