Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Осмонаалы Сыдыковдун «Тарыхы кыргыз Шадманийа» китебине 105 жыл

21 Авг 2019

Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканаcынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2019-жылдын 22-августунда О. Сыдыковдун «Тарыхы кыргыз Шадманийа» (1914-жыл.) китебинин Уфа шаарынан басылып чыкканына 105 жыл толгонуна карата китеп көргөзмөсү ачылат.
Кыргыз тарыхын изилдөөгө 15 жылдык өмүрүн жумшаган Осмонаалы Сыдыков кол жазманы даярдоого киришкенде алакандай элибизди урук-урукка жиктөөнү көздөбөстөн, тек гана анын келип чыгуу тарыхын, анын бир уруудан тараганын колунан келишинче тактап берүүнү максат кылып, өз элин урматтап сүйүү менен чоң иш аткарган.
Кыргыздын түпкү атасы, теги ким экенин билүү үчүн нечен жылдар бою эл-жерди кыдырып, далай шаарларга барып, далай китептерди аңтарып окуган, толгон-токой маалыматтарды топтогон. Пайдалангыдай адабияттар да жок эле.
Өз күчү менен Уфа шаарына чейин барып, кол жазмасын эки ирет китеп кылып чыгарган.
Кыргыз элинин туңгуч агартуучусу жана санжырачысы, жазма тарыхынын негиз салуучусу Осмонаалы Сыдык уулунун биринчи эмгеги «Мухтасар тарих Кыргызия» деген ат менен Уфа шаарында 1913-жылы жарык көргөн. Нукура кыргыз тилинде, араб тамгалары менен жазылган. Ал тургай диалект өзгөчөлүктөрү да сакталган. Бул эмгек санжыралардын негизинде жазылган. Ошол учурда китептеги маалыматтарды илимий түрдө негиздөөгө мүмкүн эмес эле. Андан кийин ошол эле эмгек «Тарих кыргыз Шадманийа» деген ат менен 1914-жылы Уфа шаарында кайрадан толукталып басылып чыккан.
Осмонаалы Сыдык уулунун ушул эмгектерди жасаганына эмне түрткү болгонун мындайча түшүндүрөт: “Биз бул китепти жаздык кыргыз туугандарга кызмат үчүн жана соңкуга мурас болуп калсын үчүн. Биздин кыргыздын тарыхын жазган адамы жок болгондугу үчүн. Ар калктын тарыхы болот. Шайых Мансурдун кыргыздар “кырк кыздан” тараган деген акылга сыйбаган жомоктору ардантты. Көрпө-тери алдап алуучулардын сөзү жаныма өтүп, он беш жылдан бери аңтарып, текшерип, эки жүз миң кыргыздын ата-бабаларын, жаратып тээ Адам алейхи саламга жеткиздим.”
Көргөзмөгө О. Сыдыковдун өмүр жолуна, ишмердигине, эмгектерине байланыштуу булактардан чакан материалдар коюлду.

Дареги: Бишкек шаары, Ю. Абдырахманов көчөсү, 208.
А. Осмонов атындагы КР УК. 2-кабат. № 57 каб. Т. 30-46-79