Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ой алпы,сйз зергери

03 Май 2017
2017-жылдын 25-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси Кеңеш Жусуповдун туулгандыгынын 80 жылдыгына арналган «Ой алпы, сөз зергери» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Кыргыз акылмандыгы”, “Байыркынын издери” китебинин бет ачары өткөрүлдү.
Көргөзмөгө КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Э.Сариева, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары О.Артыкбаев, К.Иманалиев, Ж.Мусабекова, кыргыз эл жазуучусу КР Баатыры Б.Жакиев, академик А.Эркебаев, КР Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай, КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, коомдук ишмерлер, акын, жазуучулар, маданият жана илимий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, К.Жусуповдун туугандары, жердештери катышышты.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүн Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
Бүгүнкү жаңы доор адамзаттын жалпы цивилизациясынын заңгыраган чоң жолуна, улуу бурулушка бет алгандыгын баамдап келе жатабыз.Тилибиз менен дилибиз, салт-санаабыз менен адабиятыбыз кылымдарды жылоолоп өнүгүп келген маданиятыбыздын эртеңки тагдырына кам көрүү маселесин Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп Жарлык жарыялады.
Өлкө башчысы Жарлыгында бул жылы бир катар иш-чараларды аткарылышы, ыйман, адеп, тарбиябызды тактап, маданиятыбызды өнүктүрүшүбүз керектигине өзгөчө басым жасоого көңүл бурду.
Мына ушул маданияттын пайдубалы болгон, кыргыз элинин фундаменталдуу байлыгын, акыл-эсин топтогон, руханий дөөлөтүнүн көөнөрбөс казынасы болгон Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада быйылкы жылы маданиятка, ыйман, адепке байланышкан көптөгөн иш чаралардын планын, дал ушул багыттагы иштердин жыйынтыгын чыгаруу максаты белгиленгендигин байкадык.
Кыргыз адабиятын жаңы сереге көтөргөндөрдүн бири Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси, ардактуу профессор, алп калемгер Кеңеш Жусупов агай.
Агайдагы жазуучулук тагдыры сыдыргыга салгандай шыдыр, ооматтуу болуусу, эч качан атак-даңкка умтулбаган бийиктиги, укмуштай рухий кубаты Тянь-Шандын ак кар, көк муз баскан аскаларынын таасири, ал эми талыбаган мээнети, түмөн-түйшүктүү изденүүсү, тыным албай эмгектенүүсү менен гана ушундай даражага жетип олтурат. Кайсы чыгармасын албайлы, жазуучунун жаркын таланты, патриот сезими, жалын жүрөгү окурманды жан алакетке түшүрүп, бул дүйнөнүн сулуулугун сүйүп, адамдарга жакшылык жаса деп тарбиялап келет деп баса белгиледи..
К. Жусупов ар бир сөздү өз орду менен кынаптай билген чебер жазуучу.
К. Жусуповдун «Жашоо кумары», «Каралдым тоолор», «Жүрөгүм менин тоолордо», «Ыр сабындагы өмүр», «Күлгүн курак», «Тоолуктар баяны», Москвадан орус тилинде «Лесорубы», «Сабыр и дедушка», «Микеланжело мекенинде», «Ата Журт», «Кан жолдогу ойлор», «Тулпар», «Сапар китеп», «Манас», «Байыркынын издери», «Кыргыздардын байыркы маданияты», «Жан шерик», «Кыргыздар» деген публицистикалык ой толгоолору, жол очерктери, кыргыз элинин байыркы тарыхы жана маданиятына арналган чыгармаларынын автору.
КР Жогорку Кеңешинин депутаттары О.Артыкбаев, К.Иманалиев, кыргыз эл жазуучусу КР Баатыры Б.Жакиев, академик А.Эркебаев, КР Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай, КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраеваларга сөз берилип, алар К.Жусуповдун тунук акылы, асыл адамгерчилиги, адабияттын гана эмес, мезгилдин да күрөө тамырын кармай билген жана жоопкерчиликти сезе билген өзгөчө сезимталдыгы, болот мизиндей курч, чагылган огундай чарт жанган сыйкырдуу таланты менен улуттук адабиятыбыздын төрүнөн орун алып, өзүнүн өрнөктүү өмүрү жана чыгармачылык тагдыры аркылуу атпай кыргыз журтунда улуттун сыймыгы болгон Кеңеш Жусуповдун чыгармачылыгы көп кырдуу болуп, 60 жыл колунан калем түшүрбөй, баш көтөрбөй эмгектенип, чыгармачылыгынын түйшүгүн тартып келет. Мекен деп соккон атуулдун жүрөгү, ак пейили, ажайып аңгеме, эсселери, повесттери, тарыхый чыгармаларын бийик чыгарга айлантты деп айтып өтүштү. Кеңеш Жусуповду 80 жаш кутман курагы менен чын ниеттен куттукташты, чыгармачылык менен адатыңызча арыбай чоң жаңы серелерге жете бериңиз деп каалоо-тилектерин айтышты.
Анын акын А. Осмонов тууралуу жазылган «Ыр сабындагы өмүр» аттуу көркөм баяны үчүн Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон, ошондой эле Эл аралык «Түгөлбай ата», А. Табалдиев атындагы сыйлыктардын жеңүүчүсү.
Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1999-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наамдар берилген, 2004-жылы Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Иш чара катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.