Кыргыздын тунгуч тарыхчысы, профессор, тарых илиминин доктору Жамгырчинов Бегимаалы 1914-жылы 15-ноябрда Сокулук районуна караштуу “Күн-Туу” айылында туулган. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүрүп, ошол институтка 1938-жылы окутуучу болуп калган.
Б.Жамгырчинов Кыргыз тарыхын изилдөөдө өзгөчө салым кошкон көрүнүктүү тарыхчылардын бири. 1942-жылы апирантурага өтүп, “Антисоветтик Нарын козголоңу деген темада диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон. ССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалында ага илимий кызматкер (1943-1950 жж.), 1950-1951 жылдары тарых, тил жана адабият инситутунда директор, Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору (1952-1954 жж.), Кыргыз Илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн академик катчысы (1954-1955 жж.), Илимдер академиясынын вице-президенти (1965-1976 жж.), тарых инситутунда сектор жана бөлүм башчысы (1976-1982 жж.) болуп иштеген.
Окумуштуунун илимий изилдөөсүн 2 этапка бөлүп кароого болот. 1-этабына 1966-1982 жылдар кирип, анда XVIII – XIX кылым жана XX кылымдын башталышындагы кыргыз элинин тарыхын изилдеген. 2-этабында анын эмгектери кыргыз тарыхынын ар кандай багыттарына арналган популярдуу эмгектерди жана окуу куралдарды жазган.
Б.Жамгырчинов 140 тан ашык илимий эмгектердин, 8 монографиянын жана бир нече китептердин автору.
“Кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү этап” жана башка дагы бир топ көлөмдүү эмгектерди, мектеп окуучулары үчүн “Кыргыз ССР тарыхы” окуу китебин жазган. 1970-жылы Илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
Б.Жамгырчиновдун илимий-педагогикалык эмгегин жогору баалап Ленин, Октябрь Революциясы, Эл Достугу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Б. Жамгырчинов 1982-жылы дүйнөдөн кайткан.