Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Омуру элге арналган инсан

21 Дек 2015

2015-жылы 17-декабрда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында советтик, мамлекеттик жана партиялык ишмер А.С. Сүйүмбаевдин 95 жылдыгына арналган “Өмүрү элге арналган инсан” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту.
Бул уюштурулган иш чара мамлекеттик деңгээлде белгиленип Улуттук филармонияда Президенттин, Өкмөттүн Аппаратынын расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен коштолду. Президенттин, Өкмөттүн Аппаратынын расмий өкүлдөрү У. Марипов, С. Исаков, КР ЖКнин төрагасынын орун басары Н. К. Алимбеков, КР вице-премьер министри Г. Кудайбердиева, коомдук ишмер А. Абдылдаевдер сөз сүйлөштү. Алар белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер А. Сүйүмбаев бүткүл күч-аракетин, билимин жана тажрыйбасын республиканын өнөр жайы менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин тармактарын кеңейтүүгө жумшагандыгын айтып өтүштү.
А. С. Сүйүмбаевдин ой жүгүртүүсүнүн кенендиги, экономикалык маселелерди масштабдуу чечүүсү анын узак убакыт бою мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштөөсүнө шарт түзгөн.
Табиятынан сергек, ишке жөндөмдүү А.Сүйүмбаев республиканын финансы министри (1955-60), Эл депутаттарынын Ош областтык Советинин аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП Ош обкомунун биринчи катчысы (1962-68), Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы (1968-1978), Кыргыз ССР коммуналдык чарба министри болуп иштеген жылдардын ичинде кыргыз элинин рухий байлыгын көтөрүүгө социалдык-экономикасынын өнүгүшүнө, маданиятын арттырууга, өзгөчө спортту өстүрүүгө зор салымын кошкон. Анын учурунда бир канча стадиондор, бассейндер, спорт аянтчалары курулган. Ал иштеген жылдарда энергетикалык комплекс, мелиоративдик курулуш, сугат жерлерди өздөштүрүү, транспорт тармактары дүркүрөп өнүккөн. Ошондой эле эл чарбасынын бардык тармактарында жогорку квалификациялуу, иш билги адистердин чоң тобу өсүп чыккан.
Ал согуштагы жана тынч эмгектеги көрсөткөн каармандыктары үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган.
А.Сүйүмбаевдин элине сиңирген эмгеги жогору бааланып, көзү өтүп кеткен соң Бишкек шаарындагы Карпинский көчөсүнө, Ош шаарындагы бир көчөгө жана стадионго, Жумгал районундагы Таш-Төбө айылына ысымын ыйгарган.
Иш чара аягында Улуттук филармониянын артисттери тарабынан концерт тартууланды.
Анын жаркын өмүр жолу элине ак кызмат кылууга арналгандыктан, ысмы түбөлүккө өчпөйт, муундан-муунга сактала берет.