Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Омуру орнок педагог-окумуштуу

28 Ноя 2016

2016-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде белгилүү окумуштуу, педагог Калкабай Сартбаевдин 105 жылдыгына арналган “Өмүрү өрнөк педагог-окумуштуу” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, көптөгөн илимий-методикалык китептердин автору К.К.Сартбаев 1911-жылы жаз айында Казак ССРинин Жамбул (мурдагы Олуя-Ата) областындагы Жамбул районуна караштуу Көдөлү айылында малчынын үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 9 жашында өз калоосу менен Тараз (Жамбул) шаарындагы “Аса” балдар үйүнөн окуп, мектепти жана мугалимдик курсту бүтүп, 18 жашында мугалимдик кесиби боюнча иштеп эмгек жолун баштаган. 1932-жылы Жалал-Абад шаарына көчүп келип агартуу тармагында активдүү иштеп, башталгыч класстын мугалими, 7 жылдык мектептин директору, райондо инспектор, Көк-Жаңгакка ачылган завод-фабрика мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, директору болуп эмгектенген.
Билим жолуна кенен арыш керүү максатында 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна кирип, 1939-жылы артыкчылык диплому менен аяктап аспирантурага калтырылган. 1942-жылы аспирантураны бүтүп, институттагы орус тили кафедрасында ассистент болуп иштеп, ар кандай коомдук иштерди алып баруу менен студенттердин арасында таалим-тарбия иштери боюнча иш жүргүзүп, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн.
1946-жылы ”Орус жана кыргыз тилиндеги зат атоочтор” деген изилдөөсү үчүн ага Казакстандагы Киров атындагы университеттин окумуштуулар советинин чечими боюнча филология илимдеринин кандидаты деген илимий даража ыйгарылган. 1948-1950-жылдары Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, факультеттин деканы болуп иштеген. 1950-жылы Москва докторантурага жиберилип, “Кыргыз тилинде кошмо сүйлөмдүн синтаксиси” аттуу докторлук темасынын үстүндө иштеп, МГУда түркология боюнча лекция окуп, 1954-жылы докторлугун жактаган. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин ИАсынын корреспондент-мүчөлүгүнө шайланган.
Окутуучулук кесибин улантуу максатында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө кафедра башчысы, факультеттин деканы, ректордун илимий иштери боюнча орун басары жана башка кызматтарда жоопкерчилик менен иштеген. Көп жылдар бою университетте кыргыз жана орус тилин окутуп, кыргыз тилинин салыштырма грамматикасы, түрк тилин үйрөнүүгө киришүү, кыргыз тилинин синтаксиси, эне тилин окутуу методикасынан лекция окуп, кыргыз тилин изилдөөнүн ушул тармактарынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон.
1957-жылы ЖОЖдордун окуу куралы катары басылган “Кыргыз тилиндеги кошмо сүйлөмдүн синтаксисин” кайрадан китеп кылып бастырган. Бул монографиялык эмгегинде негизинен кошмо сүйлөмдүн өнүгүшүнүн негизги маселелерин, баш жана багыныңкы сүйлөмдөрдүн классификациясын, багыныңкы сүйлөмдүн айрым типтерин өлчөм, салыштырма, бышыктооч багыныңкы сүйлөмдөр жөнүндө тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
Кыргыз тилин окутууну жакшыртуу багытында бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп, окутуунун сапатын жогорулатып, бир катар жаңылыктарды кошумчалап, эскирген жактарды жаңыртып, китептин сапатын жогорку деңгээлде жеткирүү үчүн көп эмгектенген. Окумуштуу мындан тышкары да 30дай ар кандай илимий методикалык эмгектерди, 200дөн ашык макалаларды жазган. Кыргыз тилин окутууну жакшыртууга байланыштуу кандидаттык, докторлук диссертацияларга жетекчилик кылып 40тан ашуун илимдин доктор, кандидаттарын, жүздөгөн кыргыз тили жана адабият мугалимдерин, ондогон окуучу шакирттерин даярдап чыгарган. Ушул багытта алып караганда анын өзүнчө мектеби түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн бүгүнкү күндө да улантып келе жаткандыгын терең ынануу менен белгилеп айтууга болот.
К.Сартбаев филология илими боюнча өткөрүлгөн Эл аралык, Бүткүл союздук бир нече илимий конференцияларга, симпозиумдарга катышып, докладдарды жасаган. Илимге кошкон эмгеги жогору бааланып “Элдердин достугу” ордени, бир нече медалдар, Ардак грамота менен сыйланган. “Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги” төш белгисинин, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наам берилген.
Көргөзмөгө анын китептери, жыйнактары, ага арналган окумуштуулардын китептери, макалалары публицистикалык материалдар коюлду.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз РеспубликасынынА.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы
Тел: 30-50-57, 30-47-04