Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Осмонаалы Сыдык уулуна 135 жыл

02 Фев 2010

1 февралда саат 11: 00 до Улуттук китепканада белгилүү кыргыздын тунгуч агартуучусу жана санжырачысы Осмонаалы Сыдык уулунун 135 жылдыгына карата “Өмүр өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Осмонаалы Сыдык уулу Үркүндөн кийинки ишмердиги агартуучулук менен байланышкан. 1919-жылы Пишпектеги 2-турк окуу жайынын жетекчиси, андан соң “Кошчу” союзунун мектебинде мугалим,1925-жылдан баштап эне тил мугалими болуп иштеген.1930-жылы эл душманы деген жалган жалаа менен түрмөгө камалган. Бир жылдан кийин,1931-жылы Кыргыз АССРинин жогорку соту аны өлүм жазасына өкүм чыгарат. Бирок,өкүм ишке ашырылганча аны Ташкенттин түрмөсүнө которуп жиберишет.Ошол себептен Осмонаалы Сыдык уулу кийин кытайга качууга мажбур болгон.1942-жылы безгек оорусунан кийин каза тапкан.
1958-жылы Кыргыз ССринин Жогорку сотунун чечими менен акталган. 1990-жылы “Тарих Кыргыз Шадмания”, эмгегин профессор К. Карасаев басмага даярдап чыгарган.
Китеп-сүрөт көргөзмөгө Осмонаалы Сыдык уулунун үй-бүлөөсү тууралу баяндамалар,сүрөттөр жана китеп, макалалары коюлду.
Азыркы кезде Осмонаалы Сыдык уулунун кыргыз элинин тарыхын алгачкылардан болуп изилдеген баалу эмгектери, жогору бааланып, алгачкы тарыхчы, агартуучу катары таанылып, улуу инсандарыбыздын сабында турат.
Албетте, бул көргөзмө окурмандар үчүн эң пайдалуу жана биздин тарыхта калаары шексиз.
Көргөзмөгө илимий жана маданий кызматкерлер, акын, жазуучулар, окурмандар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.