Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Осмонаалы Сыдыков Кыдык уулуна 135 жыл.

05 Фев 2014
Осмонаалы Сыдык уулу (өз аты Кыдык) 1875 жылы азыркы Нарын областынын Кочкор районунун Талаа- Булак айылында туулган. Жети жашынан жетим калып, өспүрүмдүк курагында аталаш агасы Канаат ажынын колуна өтөт. Ага жигити сыяктуу кызмат өтөп, өтө жооптуу, опурталдууу иштерге кол кабыш кылып аралашышы Осмонаалыны жаштайынан чыйралткан. Кийнчерээк чоңураак окуу издеп Токмокто Шакир калпада окуп, таза билим жаатынан да каныга баштайт. 1899-жылы Уч Турпан кааласында билимин улантат. Андан айылындагы Медреседе эки жыл бала окутуп, каражат топтоп, Бухара шаарынан бир жылдан ашык билим алган. Андан Кеминдеги Шабдан баатырдын Медресесинен таалим алат.Анткени, анын чоң молдосун Уфадагы жетик билимдүүсүнөн алдырганы чын болчу, Кеминдеги Мечитте окушу Шадмания тарыхы китебине даректерди жыйноого өзүнчө эле чыгармачылык лаборатория болгондугу шексиз.
1911 жылы Уфа шаарына келип, бир жылдан ашык окуйт. Ушул жерде Осмонаалы Эшенаалы Арабай уулу менен байланышта болгон. Эшенаалы Арабай уулу Осмонаалыны ”Медресе Галияда”өзү менен ала барып, окутса керек. Осмонаалы он беш жылдай эл аралай жыйнап, иликтеп, тактап жүргөн Кыргыз урууларынын пайда болушу жана таралышы жөнүндөгү санжырасын – “Мухтасар тарых Кыргызыясын” 1913-жылы Уфадан китеп кылып чыгарган. Андан соң 1914 жылы Уфада “ Тарых кыргыз Шадманияны” чыгарат.
1933 жылы репрессиянын капшабына кабылып, айдалып бараткан жеринен айлакерликте качып кутулат. Текеске чейин жетип, азап- тозоктон аман калган. Ал жерде үйлөнүп, бала-бакыралуу болот. Өзү 1942- жылы Текесте каза болуп, ошол жакка коюлат. Балдары 1955- жылы Кыргызстанга көчүп келишет. Нурия атуу кызы жазуучу Эшмамбетовдун жубайы, Гүлбара деген кызы Өмүркүл Жакишевдин аялы болгон. Кичи кызы Шарифа азыр Бишкекте жашайт.
Осмонаалынын китептери Октябрь революциясына чейинки Кыргыз тарыхын эң алгач басмага түшүрүп койгондугу менен баалуу. Анын баа жеткис тарыхый мурастары жөнүндө кыргыздын жана Чыгыштын белгилүү тарыхчылары омоктуу ойлорун айтып, жазып келишүүдө.
Китеп көргөзмөсү Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалу басмалар бөлүмүндө уюштурулду. Көргөзмөгө китептер, очерктер, статьялар коюлду.

Дареги: Ж. Абдырахманов көч. 208
КР Улуттук китепканасы
Тел. 30-46-79