Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ОСМОНОВ Ө Ж. ЖАНА МУСАБАЕВА К.А. 2023-ЖЫЛЫ ЧЫККАН ЖАҢЫ КИТЕПТЕРИН УЛУТТУК КИТЕПКАНАГА БЕЛЕККЕ ТАПШЫРДЫ

ОСМОНОВ Ө Ж. ЖАНА МУСАБАЕВА К.А. 2023-ЖЫЛЫ ЧЫККАН ЖАҢЫ КИТЕПТЕРИН УЛУТТУК КИТЕПКАНАГА БЕЛЕККЕ ТАПШЫРДЫ
11 Май 2024

2024-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор, 50дөн ашык илимий монографиялардын жана окуу китептеринин автору, 3-даражадагы «Манас»ордени менен сыйланган, 1990-жылдан тартып К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Тарых жана философия кафедрасынын башчысы Осмонов Өскөн Жусупбекович “Кыргызстандын тарыхы”, “Көкүм Бий”, “Бабалар баяны”, “Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында 1941-1945-ж” атту китептерин жана ошондой эле Тарых илимдеринин кандидаты, доцент, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Тарых жана философия кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын билим берүү Отличниги, Кыргыз Республикасынын суу чарбасы боюнча Отличниги Мусабаева Касиет Акматовна менен биргеликте чыгарылган “Кыргызстандын тарыхы” аттуу китептерин китепканага белекке тапшырышты. Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы авторлого терең ыраазычылыгын билдирет