Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

П. Казыбаевдин 60 жылдык мааракеси

11 Сен 2012
2012-жылдын 7-сентябрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө Алыкул сыйлыгынын лауреаты, Алыкултаануучу, адабиятчы жана публицист Памирбек Казыбаевдин туулган күнүнүн 60 жылдыгына арналган
“Аталардан алгы сөз
Айтылбаса дат басат”
аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Алгач салтка айланган адат боюнча китепкананын кире беришине орнотулган Алыкул Осмоновдун айкелинин жанында майрамдагыдай маанай менен студенттер, жаштар, Алыкулдун күйөрмандары, белгилүү коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, журналисттер жыйналышып чогулушту. Кыргыз поэзиясынын классиги, залкар акын Алыкул Осмоновдун арбагына таазим этип, адабиятчы жана публицист, Алыкултаануучу Памирбек Казыбаев Алыкулду эскерип сөз сүйлөдү.
Дуркүрөгөн кол чабуулардын коштоосу менен кызы менен күйөө баласы Даут Кары Шомфан айкелинин жанына гүл -десте коюшту. Анан китепкананын ичине киришти. КРнын Улуттук китепканасынын директорунун илимий иштер боюнча орун басары Буларкиев Рыскулбек китеп-сүрөт көргөзмөнү кириш сөз менен ачты. КР нын Маданият жана туризм министринин орун басары Базарбаев Кудайберген Памирбек Казыбаевдин кыргыз маданиятына жана адабиятына кошкон опол тоодой салымына ыраазы болуп, кутман курагы менен куттуктап каалоо-тилегин айтты. КРнын Баатыры Жакиев Бексултан агай Памир Алыкул Осмоновдун үйүн сактап калып чыгармаларын чогултууда, ырларын башка тилдерге котортуп китеп кылып чыгарып элге таратуудагы эмгегин баалап, “Манас-1000” жылдыгын өткөрүүдө, эки фотоальбомду кыргыз, түрк, англис тилдеринде түзүүчү автор ж.б.у.с. ишмердигин тизмектеп, дагы көп иштерди жасашына ишенерин билдирди. КРнын Эл акыны Самудинов Токтосун “Алыкулдун ырларындай” деген жаңы ырын окуду. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Чотурова Бактыгүл, Памир экөөбүз бир партада отурган курсташпыз деп, студенттик кезиндеги ийгиликтерин саймедиреди. А.Осмонов сыйлыгынын лауреаты белгилүү журналист Тентимишов Мундузбек Памирбектин Алыкул боюнча жаңы энциклопедиянын үстүндө иштеп жатканын, эмки жылы жарыкка чыгаарын жарыялады. Күйөө баласы, Мажарстан академиясынын окумуштуусу, түрколог–этнограф Даут Кары Шомфан кыргыз тилинде так сүйлөп, кыргыздын тарыхын беш манжасындай кылып айтып, “Манас” эпосун англис тилине которуп жатканын билдирди.
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов, Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы Канжаева Айнура жердеши катары П. Казыбаевдин ишмердиги боюнча жакшы сөздөрдү айтышты. Китеп-сүрөт көргөзмөсү концерттик программа менен коштолду. КР нын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев “Үркүн” боюнча композицияны өзүнүн чопо-чоору менен аткарып берди. Белгилүү комузчу Намазбек Уралиев Карамолдонун “Сынган бугусун” чебер ойноду. Манасчы Рыспай Исаков “Манас” эпосунан үзүндү айтты. Композитор жана обончу Букалаев Камчыбек А. Осмоновдун сөзүндө жазылган “Түнкү кайык”, “Жалжалым” деген ырларын кубулжута ырдап катышуучулардын купулуна толду.
Памирбек Казыбаевдин 60 жылдыгын куттуктап келген чыгармачыл чөйрө, ыраазы болуп тарашты. Китеп көргөзмөгө коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, артисттер, окумуштуулар, ЖОЖдордун студенттери, китепкананын жамааты катышышты. “Аталардан алгы сөз, Айтылбаса дат басат” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө өз максатына жетти.