Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Поэзиядагы омур

14 Июл 2017
2017-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө акын, врач Мар Алиевдин 85 жылдыгына арналган “Поэзиядагы өмүр” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулган.
Акын, жазуучу, журналист, врач Мар Алиев Кочкор районундагы Теңдик колхозунда 1932-жылы 14-июлда жарык дүйнөгө келген. 1959-жылы Кочкордогу Калинин атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктайт. Ошол эле жылы Кочкор райондук эл сотунда, андан кийин райондук китепканада иштеген.
1958-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетинде окуп, окуусун улантуу менен бирге чыгармачылык ишин да колго ала баштаган. Аны бүтүрүп, врач-эпидемиолог катары Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук санэпидстанциясына жөнөтүлгөн. 1960-жылы врач-бактериолог болуп, Кочкор райондук ооруканасына которулган. Ошол эле жылы ал “Ден-соолук” медициналык журналы ачылганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин чакыруусу боюнча келип жооптуу катчы болуп, ал эми 1970-жылдан баштап ошол эле журналдын редактору болуп дайындалган. “Ден-соолук” журналында иштөө менен бирге ага чыгармачылык иштерин айкалыштырып, 1952-жылы “Кыргызстан пионери” гезитине М. Алиев алгачкы ырын жарыялаган. “Айнектеги жазуу” аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы 1963-жылы басылып, “Дени сактын көңүлү куунак” жана башка илимий популярдуу китепчелери, кеңештери өзүнчө китеп болуп чыккан.
Мар Алиевдин көркөм поэзияга арналган “Турмуш жолу”, “Ак куюн”, “Күлкү болгон түлкү”, “Кыял чабыты”, “Ишеним”, “Тамгалардан турган табышмак”, “Талгат баатыр жөнүндө баян” сыяктуу китептери эл арасында популярдуулугу менен айырмаланат.
“Алтынчы күнү кечинде” “Периштем”, “Жүрбөйт белем жалыныңа жалынбай”, “Гүлмайрам”, “Жоогазын” акындын ырлары обонго, музыкага айкашып, радиодон, теледен дайыма жаңырып, адамдарга эргүү берип рахат тартуулап келет
М. Алиев чыгармачылык жана медицина тармагындагы эмгектерин баалоо менен 1982-жылы Кыргыз ССРинин саламаттык сактоосунун эмгек сиңирген кызматкери деген ардактуу наамга ээ болгон. 1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1983-жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. “СССР Саламаттык сактоосунун отличниги”, СССРдин басмасынын отличниги, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Кыргыз ССР ЛКЖС БКнын, Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министрлигинин , “Известия” гезитинин, СССР Журналисттер союзунун грамоталары менен сыйланган.
Көргөзмөдө Мар Алиевдин китептери, макалалар, илимий эмгектер, газета-журналдык материалдар коюлду, окурмандар акын жөнүндө толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел: 30-50-57; 30-47-04